Бир үй-бүлөнүн турмушу оор болуп, тапканы тамак-ашына жетпей, катуу кысылат. Ошондой кыйынчылык күндөрү аялы үйдөгү буюмдарды түйүнчөккө ороп, сатып, акча кыл деп, күйөөсүн базарга жиберет. Киши сатаарын сатып, түшкөн акчага азык-түлүк алууга бет алганда, алдынан бир кайырчы чыгып:
- Үч күндөн бери тамак жегеним жок, садак берчи дейт.. Кишинин боору ооруп, акчасынын тең жарымын кайырчыга берейин деп, үч күндөн бери тамак ичпеген адамга бул акча эмне болмок эле деп ойлонуп, баардык акчасын берип койот. Үйүнө келип аялына болгон окуяны баяндап берет. Аны угуп аялы кубанып:
- Жакшы кылыптырсың, бүгүн экөөбүзгө курсак тойоорлук азык бар го.. Эртеге дагы көрө жатаарбыз дейт. Эртеси күнү аялы дагы үйүндөгү калган буюмдарды жыйнап, күйөөсүн базарга жиберет. Жолдошу аларды да сатып келатканда, кечээги кайырчы дагы жолунан чыгып:
- Оо, кайрымдуу адам! Сенин бергениңе жүрөгүм жылып, абалым жакшырып калды. Бирок, бүгүндүккө али тамак ичкеним жок. Эгер, мүмкүндүгүң болсо, дагы мага кайыр кылчы дейт. Кедей өзүнүн азгантай акчасынын жарымын кайырчыга берип, жартысына бир балык сатып алып үйүнө келет. Аялы балыктын ичин тазалап жатып:
- Ай абышка бери кел, биз эми байбыз. Бул балыктын ичинен асыл таштар чыкты деп, кубанычы ичине батпай ыйлап жиберет. Экөө деңиз маржандарын алакандарына салып, көздөрүн алалбай суктанып карап жатышканда эшиктин каалгасы кагылып, ар жагынан жанагы кайырчы көрүнөт.
Үй ээси аны кучактап:
- Эми сен да, мен да кедейликтен кутулдук. Мына бул дүнүйө экөөбүзгө тең жетет дейт. Ошондо кайырчы:
- Дүнүйөң өзүңө буюрсун. Мен кайырчы эмесмин. Сени сыноо үчүн жиберилген Алланын периштесимин. Аллах сага ыраазы болду деп, үйүнөн чыгып баса берет.
Дегеле, жүрөгүбүз кенен, пейилибиз таза болсун.
Берген кол - алган колдон жакшы.
Ким алса колун, ким берсе жүрөгүн толтурат!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев