Коронавирус илдети дүйнөнүн 135 мамлекетине жайылганы жалпыга белгилүү. Кудайга шүгүр, азырынча өлкөбүздө мындай илдет каттала элек. Элибиз бул апааттан аман-эсен чыгып кетсе чоң жетишкендик болот.
Президент, Өкмөт баштап бул илдеттин жайылып кетпеши үчүн аракеттерди көрүүдө, бирок коңшуна Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын кээ бир жарандарларынын ооруну жугузуп алууларына байланыштуу, Кыргызстандагы кээ бир адамдар паникага алдырып, элдин кээ бир бөлүгүн бүлүккө салып жатышы бизди түйшөлтөт.
Сууга сүзгөндү билген адам деле паникага алдырса, бир нерседен негизи жок корксо сууга чөгүп кетүү коркунучу бар сыяктуу жөн турган адамдардын арасына бүлүк сала берсек анын түбү жакшы болбой калат эмесби…
"Сабырдын түбү сары алтын" дегендей мындай дүйнөлүк апаат учурунда сабыр кылуу, токтоолук жана тынбаган аракет менен гана ийгиликке жете алабыз.
Ушундай оор кырдаалда элибиз бир муштумдай түйүлүп, паникага жана ар-кандай ушак айынга алдырбай, абалды туура баалап айкөлдүктү, чыдамкайлыкты көрсөтөлү. Тиешелүү органдар тарабынан айтылып жаткан баардык эрежелерди так, туура сактап, бири-бирибизди сыйлайлы. Келечекке алып баруучу жол- бул биримдик, ынтымак жана өз ара түшүнүшүү. Элдин жүгүн биргелешип көтөрөлү,
Мындай оор учурда элибиздин саламаттыгы үчүн Президент, Өкмөт тарабынан кабыл алынып жаткан чечимдер токтоосуз аткарылып, жеке кызыкчылыктарга жол берилбеши керек.
Биримдик, ынтымак, сабырдуулук жана тактык гана азыркы оор кырдаалдан чыгуунун чыныгы жолу болуп саналат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев