Башталышы жана Бутушу жок болгон, Мээримдуу Алланын ысмы менен баштаймын.Озун таанытуу учун,адамды Дуйно ааламына жаратып,жерде бузукулук,куноо иштерден алыс болсун деп,тууру жолду корсотуп Аллах, Курани Каримди тушурду.Куранда эмнелер жазылган болсо,баарысын Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи уа саллам озунун жашоо-тарикасында,амал кылып баарысын корсотуп берген.Эгер ким Суннотко жана Куранга амал кылса ал адам эч качан адашпайт.Суннотту таштап,Куран мага жетерлуу деген адам каапыр болот.Башкача айтканда,суннот жана Куранга бирдей амал кылуу,шарт.Аллах Таала куранды мусульмандар учун тушурду.Ошого карабастан християндар жана яхудадан тараган еврейлер,инжилди озгортуп жазып Куранга амал кылбай каафыр болушту.Аллах Тааладан жер бетине 104 китеп тушурулгон. Ошонун эн акыркы тортоосу Тоорат,Забур,Инжил жана Куран.Ушуну жакшы тушунуп алыныздар.Муса пайгамбарга Тоорат китеби тушурулгон. Муса пайгамбардын доорундагы адамдар,бугунку кундогу мусульмандар Куранга кандай амал кылса,Курандын окуму кандай болсо,ошол убакта Тоораттын окумдору да ошондой болгон,адамдар тоорат окушкан.Бирок, тоораттан кийин башка китеп жана башка Пайгамбар келет деп жазылган. Бир кезде Дауд пайгамбарга забур китеби тушурулду,мындан мурунку Тоораттын окумдору токтоду, эми Дауд пайгамбарга тушурулгон Забур китеби окум сурот деп Алла окум берди. Забур тушурулгондо кимде-ким Тоорат боюнча,забурга амал кылбай койгон болсо ал адам адашат.Забурга жазып койгон,мындан кийин пайгамбар келет,деп айтылган.Андан кийин Иса пайгамбарга Инжил китеби тушурулду.Инжил тушкон кезде мурунку забурдун окумдору жокко чыгарылган.Ким эгер,забурда жазылган окумдор менен калып Инжилге жана Иса пайгамбардын пайгамбар экенине ыйман келтирбесе ал адам адашат.Андан кийин инжилде жазылган,мындан кийин Пайгамбар келет ал Мухаммад саллаллооху алейхи уа саллам-деп айтылган. Куранда айтып жатат,ушул Куран аааккыркы китеп! Хаатомин Анбия-акыркы Пайгамбар Мухаммад саллаллооху алейхи уа саллам деп,Аллах озу айтты.Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам салаваттары болсун) Пайгамбар болгондон кийин Куран ыйык китебибиз тушурулду жана мурдагы Иса Пайгамбарга тушурулгон Инжилдин окумдору жокко чыгарылган. Ким эгер Куранга жана Мухаммад саллаллооху алейхи ва салламга ыйман келтирбей Инжил боюнча калып кетсе каапыр делинет жана ото каттуу адашат. ... Илгери адамдар,Аллахтын китептериндеги жазылгандарды бурмалап,Мисал:Мансаптуу адам келсе китептеги болбойт деп айтылганды,акча табуу учун болот деп озгортуп айтышкан. Аллах Таала куранда, Ким эгер Куранды озгортсо ал адамга лаьнат айткан.Кимге Аллах лаьнат айткан болсо дуйно-аакыретте азапка,кор болушунда ага жардамчы таба албайсыз. Бугунку кундогу маселе: КУРАН ОКУП ЖЕ ОКУТУП АКЧА АЛУУ ЖОНУНДО болмокчу. Динди,Исламды,Шариятты Куранды кесип кылып албаш керек.Куран аркылуу илим аркылуу акча табуу бул-болбойт! Ошонун боло турган жана болбой турган болуп турлору болот. Биринчиси:КУРАНДЫ жаттаган адам,башка мусульмандын балдарын окутуп,уйротуп акча алат.Эгер акча албай койсо анда базарга чыгып иштеш керек.Эгер каарылар,аалымдар базарга чыгып иштесе анда биздин балдарыбызды ким окутат? Ошондуктан Куран окутуучу аалым,мусульмандын балдарына убактысын болуп куран окутканы учун деп акча берсе болот.Бул халал.Эгер бул да болбойт десек анда Аалымдар талаада,базарларда иштесин.Анда ким Шарият илимин биздин балдарыбызга уйротот??! Ошондуктан аалымдар,Куран окутуп уйротконум учун деп эмес,убакыт учун деп алсын.Себеби бир адамга илим беруу учун 1 саат же 2 саат жетишсиз.Ал учун буткул омурун буткул убактысын арнаганда гана бир илимдуу шакирт чыгышы мумкун. Ошондуктан атайын тил уйротуучу курстарда, Медиреселерде иштеген илимдуулор айлык алса болот.Шариятта бул нерсеге эч канда тыюу салынган нерсе жок. Эми экинчиси Куран окуп акча алууга болбой турган учурлар: Адам олгон кезде,кабырга коюп ал учун куран окуп ага акча алууга болбойт. Же Хатмы-Куран кылып,бироого Куран окуп берип ошонун ордуна акча алуу Харам болуп калат.КУРАН ОКУП АКЫ АЛУУ ХАРАМ.КУРАН ОКУТУП АКЧА БЕРУУ КУНОО. Куран окуп,акча берсе албай койсом капа болот дейт. Бир адамды капа кылуу женил.Аллахты капа кылуу бул оор.Аллахтан коркуш керек.Куран окуп берип акча алуу харам!Харам дегендин мааниси олуп калган жаныбардын этин жедигиз, харам.Куран окуп акча алдыныз бул да харам.Ошондуктан Куран окуп акча албаш керек дагы бербеш керек дагы.Себеби:Атабыз,апабыз кайтыш болуп калса Куран окуунун максаты эмне.? Сооп барсын,дейбиз да.Окуган молдо, окуган кары Курандын акысын дуйнодо алып койду..болду маркумга багышталып окулган курандын сообу жок болот! Молдону,Карыны алып келип Куран окуттунуз,Курандын Ар бир тамгасына 25 сооп берет. 10 тамга окусаныз 250 сооп. Мин тамга окусаныз 25000 сооп. 25000 тамга окусаныз 625 000... сооп берилет деп окуйбуз куранды. Ошол сооп маркумга жетейин дегенде Окуган адамга акча берсениз,Куран окуган адам акча алды сооп жоголду эч нерсе барбайтат маркумдарга жана биздин кылган иштерибиз жонокой эле расмий иш-чара болуп калды мусульман бир туугандарым...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев