Көп ата-энелер балдарды багып жатабыз, бирок тарбиялаган жокпуз...Көп үйлөрдө балага тарбия берилбей жатат. Короодо ойноп жаткан балдарга ата-энелер тарбия берели, суранам...
балдарга
салам берүүнү,
рахмат айтууну,
таштанды таштабоону,
башкалар менен урушпоону үйрөтөлү
суранам...
Короодогу урушкан балдарды тарбияга чакырайын дейсиң бирок ата-энеси мени "бирөөнүн баласы менен эмне ишиң бар" -деп, сотко берип салбасын деп корком...
Илгээри бизди коом тарбиялаган. Сыртта өзүнөн улууга кулак салбаган балдар үйдө ата-энесине да кулак салаарына күмөнүм бар. Андай балдарга ата-энелери да жалынып, коркуп жашайт...
дубалдын да кулагы бар - туура. Өзгөчө биздин азыркы домдордун дубалдары абдан жука. Бүт нерсе угулат. Ошондуктан кошуналар жок дегенде түнү он экиден кийин үйдөгү ызы-чууну токтотолу. Коңшулар да эс алышсын....
Урматтуу аталар
Аялдарыбыз бизден коркуп жашаса балдарыбыз бактылуу балалыгын жашай алышпайт. Аялдарыбыз бизди сыйлап жашаса гана бактылуу болот жана акылдуу перзенттерди чоңойтушат. Бактылуу үй-бүлө биринчи кезекте акылман аталарга муктаж болот. Аталар, үйдү алып үй-бүлөнү багып коюу менен ишибиз бүтпөйт. Аялдын жана балдарынын баарынын тарбиясына кам көрүүнү унутпайлы...
Короодо урушкан же телефон чукуп отурган балдарды тарбияга чакырсаң жаман көрүп тоготушпайт...
Козу чоңойсо кой болушу анык. Күчүк чоңойсо ит болушу анык. Бирок адам баласы чоңойгондо АДАМ БОЛУШУНА КЕПИЛДИК жок...
Садиктеги балдарга акыл айта албаган, муштай баланы тартипке чакыра албаган алсыз улууларга айландык...
ОЙЛОНОЛУ жана ОЙГОНОЛУ
Урматым менен Идрис Айитбаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев