Күндөрдүн биринде Азирети Алиге бир киши келип:
Эмнегедир ырыскым тарып баратат, - деп арызданат.
Анын себебин билгиси келген Азирети Али тиги кишиден:
Мүмкүн сен өзүңө тиешелүү болбогон калем менен жазып жаткан чыгарсың? - деп сурайт.
Тиги киши:
Жок, мен өзүмдүн эле калемим менен жазам, - дейт.
Азирети Али:
Анда сен сынык тарак менен чачыңды тарап жүрбө? - деп сурайт.
Тиги дагы:
Жок, - деп жооп берет.
Азирети Али:
Андай болсо, сен өзүңдөн жашы улуу адамдардын алдында басат окшойсуң? - дейт.
Тиги:
Жок, мындай кылбайм, - дейт.
Азирети Али:
Мүмкүн сен багымдат намазынан кийин кайра уктайттырсың? - деп сурайт.
Тиги:
Жок, уктабайм, - деп жооп кайтарат.
Азирети Али:
Андай болсо, сен ата-энеңе дуба кылбай жаткан окшойсуң? - дейт.
Тиги:
Ооба, ата-энеме көп дуба кылбайм, - деп моюнуна алат.
Азирети Али:
Ата-энеңди эстеп, аларга дайыма дуба кылып жүр.
Мен Пайгамбарыбыз (صلى الله عليه وسلم)дан:
"Ата-энеге дуба кылбай коюу ырыскынын тар болушуна себеп болот” дегенин укканмын.
Ошондуктан намаздан кийин ата-энеңе дуба кыл, дуба кылууга кеткен эки мүнөткө сараңдык кылба! - дейт.
→ Йа, Аллах!
Тирүү жүргөн ата-энелербиздин өмүрлөрүн узун кыл!
Күнөөлөрүн кечир, даражаларын бийик кыл!
Өтүп кеткендерин Ырайымыңа ал!
Жаткан жерлерин бейиш бакчаларынан кыл!
Кыяматта баарыбызды Пайгамбардын айланасында чогуу кыл! Амин.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 65