Сактасын Кудай көк бетен.
Сонун көйнөк кийгизсең,
Сен ким элең деп кеткен.
Сурабай ыйман Кудайдан,
Сураган байлык өкмөттөн.
Сактасын шундай жубайдан,
Сездирбей мээңди жеп кеткен.
Жылуулук берген кышкысын,
Жандырган сүйүү ышкысын.
Жакаңды жууп агартып,
Жаркылдап сүйлөп иш кылсын.
Тартышпай табыб көңүлүн,
Тапичкелерди жыш кылсын.
Үйлөнө элек жандарга,
Ушундай жарды туш кылсын.
Ынтымак жашоо сүрүшсүн,
Ымдаган көздөн билишсин.
Ызычуу болуп урушпас,
Ыймандуу бүлөө курушсун.
Жүрөктөн отту өчүрбөй,
Жыпарын гүлдүн сунушсун.
Жыл өткөрбөй ар жылы,
Бешик той кылып турушсун.
Жылуулук берген кышкысын,
Жандырган сүйүү ышкысын.
Жакаңды жууп агартып,
Жаркылдап сүйлөп иш кылсын.
Тартышпай табыб көңүлүн,
Тапичкелерди жыш кылсын.
Үйлөнө элек жандарга,
Ушундай жарды туш кылсын.
Ушундай жарды туш кылсын.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев