اسلام عليكم ورحمة الله وبركاته
Кыргызстан Ислам Университетинин 1_А курс окуучусу Камбаралиев Фарохидинден
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи вассаламга кат
Пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллааху алайхи вассаламга саламдар жана салаваттар болсун.
Ассаламу алайкум ааламдардын эң мээрүдүсү
Ассаламу алайкумалайкум кулк мүнөздүү, адеп ахлактын туу чокусу
Ассаламу алайкум...
Ээх Расулуллах үммөтүм деп бизди ойлоп, өмүрүңүздү биз учун арнадыңыз, Эй Расулуллах сиз бизди канчалык көп эстегыңизди биз билбейбиз. Сиз биз билгенден да көбүрөөк эстедиңиз. Сиз үммөтүм деп кайгырганыңыз ушул күнгө чейин ар бир мусулмандын жүрөгүндө үн салууда. Үммөтүм деп түнү кун уктабадыңыз, а бирок биз сизди чакыруунуздан бекабар болдук. Биз түнү кун уктап сизди алсыз күндөрүнүздү эстебей жатабыз.
Сизди бул дүйнөдө көрбөдүк, бирок сизди өмүр баяңызды окуп сизди танууга аракет кылып жатабыз.
Биз сиз сүйгөн Абубакр, Умар, Усман, Али радияллааху анхулар жана калган сахабалар сыяктуу сүюктүү боло албайтабыз. Кудай буюрса сиз каалаган уммөт болууга аракет кылып жатабыз. Сиз калтырган динди жаюуга жана сүннөттөрдү тирилтууга аракет кылабыз. Биз үчүн сүннөтөрүңуздү аткарыш кыйын болушу мүмкүн, аа бирок биз сүннөтөрүңуздү баарын аткарышга аракет кылабыз. Сиздин сүннөтөрүңуздү бизге жакшылыктар аябай көп, сиз тыйган нерселерде бизге зыяндар бар. Биз сиз калтырган туура жолдо барууга, сүннөтөрүңуздү аткарууда чын жүрөктөн аракет кылабыз.Бизден ката кемчиликтер кеткен болсо бизди кечириң Эй Расулуллах!!
Кудай буюрса Сиз менен Хавзу Кавсар көлүндө, сахабаларыңыз үммөттөрүңүз менен бирге болуш насип кылсын.
Кыямат күнү сиз шапаат кыла турган үммөттөрүңүз катарарыда болушту каалайбыз!!
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев