Предыдущая публикация
Түн жамынып сулуу ай батып,
Таң жарышып күн нурун чачып,
Кандай кооз табият көркү,
Адамзатты өзүнө тартып.
Куштар сайрайт кооз үн салып,
От жүрөктүн кумарын жазып,
Ачык асман айлана жашыл,
Көңүлүң жай, маанайың жарып.
Кут элимди, жакшылык жандап,
Момун элим орозо кармап,
Бир бирине мээр улашып,
Каалоо айтып тилегин арнап.
Куттуу болсун рамазан айы,
Кармаган орозоңор кабыл болсун,
Сооп жолдо кол улашсаңар,
Үйүңөргө кут береке толсун.
М. Т.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 34
Сизге да жаешылыктар каалайм ар дайыи.