6- БӨЛҮМ
Телефонду коюп, дүйнөм карангы болуп кетти. Бир жактан апамды ойлосом, бир жактан үй-бүлөөмдү ойлоп, үйгө батпай калдым. Сыртка чыгып учу- кыйрына көз жетпес алыс жакка кетким келди.
Эмне кылайын, балким маңдайыма ушуну жазгандыр? Бир гана ичим ачышкан жери, ушунча жыл үй-бүлөөм үчүн кылган аракетимдин баары текке кеткени болду. Айтат го, боорукер адам көп жапа чегет деп, мен ушул сөзгө ишендим.
Кичинекей кезимден тартып боорукер болдум, ушул сапатым менен көп кыйналдым. Агаларым, иним турса дагы, апамды ойлогон жалгыз мен болдум. Жакшы тилегим бар эле, балдарымды алып айылга кетемин деген. Бул жакшы тилектеримдин баарын таш капты.
Күндөр өткөн сайын балдарымды сагынып, Сезимге конгуроо кылгым келди, бирок намысым жол бербеди. Мен аны кет дебесем өзү кетти. Өэү кеткенге адамга эмнеге конгуроо кылам дедим.
Арадан билинбей бир топ күн өттү. Бир күнү телефонума смс келди, карасам Сезимден экен: "Бегалы эмне жүрөсүн, үйлөнбөйсүңбу?"- деп жазыптыр.
"Эмне, мен үйлөнсөм күйөөгө тиейин дедиң беле?" - деп жазып койдум.
Айтор таң калдым, сен үйлөнгөнүңдөн кийин турмушка чыктым деп айткысы келдиби. Сезимдин жиберген каты мени бир топ күн ойлондурду. Жумуштан келсем эч ким жок, жалгыз көнө албай жүрдүм, кийин акырындап көнө баштадым. Эки жумушта иштеп кыйналып кеттим. Эмнеге, ким үчүн иштеп жатамын билбеймин? Көптөн бери өзүм менен өзүм болуп, апам менен сүйлөшпөй калдым эле. Апамды ойлоп жаман болуп кеттим, балконго чыгып иним Мирбекке конгуроо кылдым.
- Мирбек, жумушуңду тапшырып айылга кел, апам жалгыз калды, - дедим. Мирбек баягы эле сөзүн айтты, бара албаймын деди,
- Мирбек, мага азыр аябай кыйын болуп жатат, менин абалымды түшүн, Сезим балдарды алып кетип калды. Ошону үчүн мен айылга кетпей калдым, кел, - деп тамагым буулуп кетти. Менин абалыма түшүнүп ичи ачыштыбы:
- Макул ага, аракет кыламын, көп ойлоно бербе, балдарың кайра келет, - деп көңүлүмдү көтөрүп жатты. Маанайым жок болгону үчүн башка сөзүн уккум келбей телефонду коюп салдым.
Арадан бир канча ай өттү. Сезимден ошол боюнча кабар болбоду, мен да конгуроо кылбадым. Көрбөй жүрө берсең көнүп калат экенсин, балдарымды да унута баштадым.
Бирок оюмда алар кайтып келет деген терең ишенич менеп күтүп жүрдүм.
Эч ким менен сүйлөшпөй жүрүп чүнчүп кеттим. Дем алыш күнү маанайым жок отурганмын, бир убакта эшик кагылып калды. Барып ачсам Бакыт экен.
- Бегалы эмне болду? Жөн койсо дайының жок, конгуроо дагы кылбайсын. Кабар алайынчы деп келдим эле, - деди. Менин абалымды көрүп, - Эмне болду? Балдар кана? - деп сурап калды.
- Алар жок, Сезим менен кетишти, - дедим.
- Каап, жаман болуптур, Сезим ойлонбой иш жасаптыр. Кой, көп кайгырба, баары өз ордуна келет.
Бегалы, андан көрө жүр, айланып келели! - деп калды.
- Жок, көңүлүмө эч нерсе жакпай турат - дедим. Такыр конбой мени үйдөн алып чыкты. Шаарды айланып, бильярд ойногон жерге бардык. Тамак буйуруп коюп бильярд ойнодук. Жаныбыздагы столдо бирөөлөр ташты уруп кыйкырып ойноп жатышты.
Бакыт экөөбүз көл-шал болуп ойноп жатсак:
- Бегалы? - деп мени бирөө түртүп калды. Ким экен деп карасам, көп жыл мурдагы коңушу болуп жашаган Темирлан экен. Аны көрбөгөнүмө көп жыл болгонуна, тааныбай туруп араң тааныдым. Кучакташып көрүштүк.
- Арадан канча жыл өттү, карасаң ушул жерде кезешкенибизди! - деп калды, -Кандай үй-бүлөң, тынчпы?
- Ооба тынч, - деп билдирбей эле койдум, - Өзүң кандайсын, Салкын кандай? - Салкын жөнүндө билсем дагы сурадым. Бир аз үнчукпай туруп: - Ал ооруп, өтүп кетти. Ошол жыл мен үчүн жаман жыл болду, Салкынды жакшы көрчү элем, унута албай койдум, акыры чыдай албай бул жакка келе бердим.
Бул жакка келип үйлөндүм, азыр эки балам бар, - деди. Мени билбейт деп жалган айтып жатканы үчүн жаман көрүп кеттим. Уккандарымдын баарын айтмакчы болдум, бирок өзүмдүн турмушум мындай болгону үчүн сөз айталбай туруп калдым. Ичимде заман зордуку, "Сага окшогондор жазадан оңой кутулат, бирок кудайдын жазасынан кутулбайт! Сендейлерде адамдык касиет жок!" дедим ичимде, башка сүйлөшкүм келбей буйурган тамакты - "Темирлан, силерге буйурдум, жегиле" деп акчасын төлөп - "Менин жумушум бар, дагы ушул жерде болсоң көрүшөбүз"- деп сыртка чыктым. Сезим менен Темирланды бир-бирине окшоштурдум, экөөнүн кылгандарын ойлоп жатып машинага келип калганымды сезбей калдым. Артыман Бакыт шашып чыкты, маанайымды көрүп сөз айтпай машинага отурду. Жол катар экөөбүз сүйлөшпөй келдик. Бакыт Темирлан жөнүндө түшүндүбү, кийин ал жөнүндө эч нерсе сурабады. Бакытты үйүнө таштап, үйүмө кеттим. Ошол күндөрү сыртта жүргөн иним Мирбек айылга келди, анын келгенине сүйүндүм, бирок сүйүнүчүбүз көпкө созулган жок. Ал айылга келип үйлөнүп, апамды жакшы карап жаткан. Чет жерде жүрүп көнүп калганына айылдын кызына көнбөй койду. Турмушу бир болуп, бир болбой жүрүп апам үчүн келин менен жашап жүрүп ооруп, оорудан бул дүйнө менен кош айтышып кете берди. Аны жерге берүү үчүн көптөн бери барбай калган айылыма бардым. Оорунун үстүнө чыйкан болуп, иштерибиз биринин артынан бири ушундай болуп кетти. Айылда бир ай жүрдүм. Ал убакта апамдын турмушун көрүп аны аяп кеттим. Жумушумдан бошоп айылга келүү үчүн Москвага кайра жөнөдүм.
Ишиме барып арыз таштасам Света жаман болду - "Эмнеге арыз жазып жатасын? Жакшы жумушчуларыбыздын бири сен элең! - деп жаман болду. Света дайыма мага жардам берип, көп жакшы иштерге көмөктөшчү, жакшы аял. Бир баласы бар, баласы өз турмушу менен алек. Мен дагы ага оюм түз, дайыма Светанын мамилесине карап мамиле жасаймын. Түшүнүктүү жакшы аял.
Башкы офисибиз башка жакта болгону үчүн, Света арызды ошол жакка барып жазыш керек экенин айтты.
Арыз жазуу үчүн Москванын башка районуна бардым. Арыз жазып директорду күтүп отурдум, ал аралыкта куурсагым ачып, жакынкы ашканага киргени бара жатып, айылдаш тааныш баламды көрүп сүйлөшүп туруп калдык. Ошол мезгилде, бизден анча алыс эмес жерде бир аял менен эркек бирөөнү күтүп туруштубу, улам саатын карап жатты. Тааныш балам улам ошол жакты карай берди:
- Булар ким, тааныштарыңбы? - дедим - Тиги байке жакында ошол аялга үйлөндү, - деди. Маани бербей жөн гана карап жатып Сезимди көрүп калдым. Ошолбу, деп бир аз жакын бастым, Сезим өткөндөгү ак жүз аарчы менен бетин арчыган жигит менен туруптур. Көргөн көзүмө ишене албай кеттим.
Заматта ичим алай-дүлөй болуп, өзүмдү жаман сезип кеттим. Сезим дагы мени көрүп калдыбы, бурулуп тескери карап туруп калды. Ошентип турганыбызда бир машина келип токтоду, күтүп тургандары келди окшойт, Сезимдер ошол машинага чыгып кетишти. Мен турган жерде оозума сөз кирбей туруп калдым.
Бүгүн мен үчүн үч уктасам түшүмө кирбеген кездешүү болду.
Машина жүрүп кеткенден кийин, көргөн көзүмө ишенбей узап кеткен машинанын артынан күзөтүп туруп калдым.
Жанымдагы айылдашым Кыялдан маалыматты билгим келди.
-Тиги баланы кайдан тааныйсың?- деп сурадым.
- Ал биздин айылдан, Москвада иштейт. Аябай көңүлү ачык, дайыма жайдары жүрөт. Андай мүнөзү ачык жигиттердин жоро-жолдоштору көп болот. Адамгерчиликтүү меймандос жигит. Аны менен сүйлөшкөн айым, кийинкисинде кыя өтөлбай калат. - деп жооп берди.
- Болду эми, көп мактап жибердиң окшойт, - деп кеткенге шаштым,
- Мен шашып жатам элем, көрүшкөнчө, кененчиликте сүйлөшөбүз- деп Кыял менен маанайым чөгүп коштоштум.
Директорго кирип арызды таштап коюп жумушка бардым, эч нерсеге көңүлүм келбей, үйгө жооп сурап кеттим. Үйгө барып Бакытка конгуроо кылдым.
- Мага өткөнкү Керимдин жакшылыгында күлдүрүп отурган баланын ким экени билип берчи, - дедим да ашыкча сүйлөшкүм келбей дароо телефонду койдум.
Үйдү үч көтөрүп чачып таштадым, эмне издеп жатканыма элес бердим. Издей берип, баары жокту аңтарып таштадым, бир убакта телефонум чырылдап калды, карасам Света экен, директорго конгуроо кылып кой деди. Анын телефонун жазып алайын деп китеп текчедеги колум тийген китепти алып жатып, ичинен көп сүрөттөрдү чачып алдым. Света берген номерди шашылып жазып алдым да телефонду койгонго шаштым. Эңкейип түшкөн сүрөттөрдү жыйнап бирден көрө баштадым. Сезимдин жолугушуудагы сүрөттөрү экен. Бир топ келип калса, баары ушинтип топ келип калат экен. Өткөндөгү мен көргөн сүрөттөр эмес башка сүрөттөр экен. Кызык, жанагы ак жүз аарчыны колдонгон жигит дагы бар экен. Ал эмне кылып жүрөт бул жерде деп башым катты. Аны көргөндөн кийин башка сүрөттөрүн көргүм келбей калды. Сүрөттөрдүн баарын бирден айрып, таштанды чакага салып, өзүмдү койоорго жер таппай отурум калдым. Турмушуң кургур, ушундай дагы татаал болосуңбу? Өлгөндүн үстүнө көмөн кылып. Отурган ордумдан турдум дагы ашканада турган аракты жутум алдым. Чачып салган буюмдарды жыйнап жатып, бир баштыктагы балдардын токулган кемселдери бар экен, бирөөсүн алып жыттап алдым. Балдарымды сагынган экенмин, кийимдерин көрүп көзүмө жаш тегеренип кетти. Үйлөрдү иреттеп чаң соргуч менен тазалай баштадым, жаткан жумшак эмеректи жылдырып жатып ак жүз аарчыны таап алдым. Токуп бүтө элек экен, эмеректин астына түшүп кетип таппай калган окшойт. Өткөнкү бет аарчыдан кооз токулган экен, бирок бунун жиптери көк экен. "Эхх, ак жүз аарчы, балким сени бир бөтөндүн колунда көрбөй калсам, ошол бойдон сенин сырың ачылбай калмак беле? Мен дагы эч нерсени билбей, балдарым жанымда, Сезимдин жаман жолдо жүргөнүн билбей жашай берет белем?" деп үшкүрүнүп алдым. "Ошол жүз аарчыга татыктуу боло албадым окшойт"- деп ичимден ачуу дем келип күү менен үшкүрүп чыгарып салдым да, ордумдан туруп балконго чыктым.
Эшикте сайрандап жүргөн ата-энелерди балдары менен көрүп жан дүйнөм жанчылып кайра үйгө кирдим. "Сезим, бир убактарда сени жакшы көрүп үйлөнгөн элем, сени менен бактылуу боломун деп. Тилегиме жетпедим, макул сенин теңиң башка экен, бирок мен балдарымды өзүмө кайтарып аламын, башка бирөөнү ата дедиртпеймин. Бул кылганың үчүн кайсы бир күну бул турмуштан жооп алсаң керек. Жаңы турмуш болуп сага кызыктуу болуп жатат, эми өз турмушуң менен кете бер! Кош бол Сезим, сен жөнүндө ойлоп эми кайгырбаймын!" - деп алып жеңилдей түштүм.
Мен да эми турмушту башкадан баштаймын. Айылга барып келин караштырсамбы деп ойлодум. Көп жылдан бери шаарда жүрүп айылдык кыздарга көнбөсөм керек, иним Мирбекке окшоп турмушумда дагы кыналбайын деп ойлодум.
Бир күну Бакыт конгуроо кылды
- Жанагы сен дайындаган жигитти билдим, ал Сезим менен бирге окуган классташы болот экен, - деди.
- Рахмат Бакыт, озум билип алдым, эми Сезим жөнүндө башка эч качан сүйлөп эсиме салба. Бакыт, сага өзүм бир күну конгуроо кылам, баарын айтып берем, - деп телефонду койдум.
Күндөгүдөй жумушта элем, директорго конгуроо чалышты унутуп коюптурмун, ал арызга кол койсо анан билет алайын деп ойлогонмун.
Бирок ага чейин эле Света
- Бегалы, директор арызыңа кол койбоптур, жумушчу аз болуп жетишпей жатат. Качан сенин ордуңа жаңы жумушчу
келгенде кол койот экен, - деди.
- Макул, ага чейин иштеп турайын, - дедим.
- Эмнеге акыркы убакытта маанайың жок жүрөсүн? - деп сурап калды.
- Билесиңби Света, мен аялым менен ажыраштым, - дедим.
- Койчу, кантип эле? Балдарың сенде калдыбы?
- Жок апасы менен кетишти.
- Эмне деп көңүл улашты да билбей калдым, - деди Света.
- Ушундай иштер болду деп, маанайым жок жооп бердим.
Күндөр акырындап өтүп жатты, ошол күндөрү айылга ушул жактан кыз таап алып кетүүнү чечдим.
Тааныштардын тапкан кыз-келиндери менен сүйлөшө баштадым.
Бири жакса - бири жакпайт, өзү жаккандын мага окшоп балдары бар болот. Бир тобун караштырдым. Биринчи турмушуңдай эч качан болбойт экен. Экинчи турмуштун ары-берисин көп ойлонот экенсин, балдарды кандай кабыл алат деп.
Үйгө кетүүгө сумкаларымды даярдап жатып эски визитканы таап алдым. Качанкы бир мезгилде "Жумуш керек болсо табып берем, байпагыңыз түшүп калыптыр"- деген кыздын визиткасы экен. Ал кагазды көрүп поездде келгеним эсиме түштү. Кагаздын бетинде Адинай деп жазылып туруптур.
Адинайга "Жумуш керек" деп телефон чалып, поездде чогуу келгенибизди айтсам эстей албай жүрүп араң эстеди.
- Ии байке, эми эстедим, андан бери канча жыл өттү арадан, унутуп калдым эле, - деди. Бар жумуштарды айта баштады, жумушум болсо дагы угуп тура бердим.
- Сиз ушул убакка чейин жумуш таппадыңызбы? - деп сурап калды.
- Таптым, маянасы аз болуп жатат, - дедим.
- Жакшы жумуш чыгып калса сизге айтамын, - деди.
- Макул, - деп коштоштум.
Бул кыздын башы бошпу, бош эмеспи, аны ойлонгонум жок.
Жөн гана кызыктымбы билбей деле калдым.
Уйгө кеткенге чейин бир башым эки болуп калса экен, деп күну -түнү ойлонуп жаттым.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 20