Бир жолу бир падыша шаардын көчөсүндө жан-жөөкөрлөрү менен кетип бара жатып, кайыр сурап жаткан эки адамга кезигип калат. Кайырчылардын бирөөсү ордунан тура калып падышаны тааныгандыктан, "Оо Улуу урматтуу падыша, мага ырыскы берип, мени бай кылуучу,мага ырайым кылып кичине акчаңыздан таштай кетпейсизби" - деп, падышага кайрылып кыйкыра баштайт. Ар жакта отурган кайырчы: " Кой антпе,ырыскыны Аллах берет, бай кылып, кедей кылуучу да ошол Зат. Кудайдан корк" - деп, тигинин эсине келтирүүгө аракет кыла баштайт. Ат үстүндө кетип бара жаткан падыша алардын сөзүн угуп, токтобостон өтүп кетет, кечинде сарайында жатып, тиги ырыскыны Кудай берет, падыша бербейт деген кайырчынын сөзүнө тырчый түшөт, аны окутуш максатында бир нандын ичине оор алтын куймасын салдырып бышырууну буйруйт. Падыша эртеси ошол нанды жанына алып, баягы кайырчылардын жанынан өтүп бара жатып, тиги ырыскымды сен бересиң деген кайырчыга жанагы нанды таштап кетет.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев