"Алло апа"
"Эркетайым жакшы эле уктадынбы?
Эч кимдерден жаман соз укпадынбы?
Коздорундон кагылып кетейиним,
Корсом экен коколоп учканынды.
Балан кандай сыркоолоп калбагыла,
Баскылыкка коп эле барбагыла.
Ушуп калып суук тийип кыйналасын!
Уйдо жылуу чыгарбай кармагыла!
Синдин кандай?Окуусу жакшы бекен?
Сырт кийими жаны алган жакты бекен?
Эртен окуу кечигип калышпасын,
Эрте эле жылуураак жатты бекен?
Жолду карап откуло шашпагыла!
Жок деп унаа жол кесип баспагыла!
Жетип келет а кырсык айтмак беле,
"Жетишем да" дегенди таштагыла!
Кичуусучу,телефон албай атат,
Куттум,кайра негедир чалбай атат.
Бир саат мурда суйлошкон чыктым деген,
Бир да санаам тугонуп калбай атат"
-Ой апаке, угулбай калса керек,
Отура тур,корсо эле чалса керек!
Бизде баары жакшы эле,ушубойбуз,
Бишкек суук деп жон эле айта берет.
-деп жооткотуп санаага батпаса дейм,
Ден-соолугун коротпой сактаса дейм.
Омур тилеп куну-тун апакеме,
Отуп кетиш учун эч шашпаса дейм.
Алтын апам санааркап тураарым ай,
Ар кыймылым ар убак сураарым ай.
Садагалап жалынып карааныма,
Сактап турган колдоочум,тумарым ай.
Кундо бир маал чалбасам сагынаарым,
"Куттум неге кечсин?" деп таарынаарым.
Мерез турмуш ызгаары тондурганда,
Мээриминдин отуна табынаарым!
Нуркыз Рыскул кызы 03.12.16. 1:30
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев