Ырыскысын көрүп жылдын айлардын,
Ырлар төгүп сөз берметин тандаймын.
Канат сермеп келечеке умтулган,
Карындашым Мунарага арнаймын.
Алтын уя мектебиңди калтырып,
Алга карай канат сермеп талпынып.
Чыгаан кызы боло бергин элиңдин,
Чын жүрөктөн каалоо сөздөр айтылып.
Ата энемдин эрке кызы бөбөгүм,
Агаларың сенин арка жөлөгүң.
Аяктап мектебиңди жатсаң дагы,
Ак бантикчен наристедей көрөмүн.
Үч агаңдын карындашы сен болуп,
Үмүт, максат Ала тоого тең болуп.
Кол сермей бер келечеке тартынбай,
Колдогонуң ак калпактуу эл болуп.
Татаал жолдун ашып бийик аскасын,
Таамай кыз деп элге чыксын жакшы атың.
Ишке ашсын келечекте көп окуп,
Дипломат тилмеч болуу максатың.
Ийне менен билим кенин казгылап,
Илим алып, билим алып жакшылап.
Апам медик сен да медик болууңду,
Алибетте тилек кылып жактырат.
Оттой жанып өчпөй күйүп чырагың,
Октой учуп көзгө илешпей кыялың.
Операция болгон жерден корком деп,
Медиктике көнбөй турган убагың.
Ак эмгектен эл көөнүнө толоорсуң,
Атак даңктын бийигине коноорсуң.
Медикпи же дипломатпы, тилмечпи,
Алла таала буйруганы болоорсуң.
Күүлөп канат чексиздерге сунуп кол,
Күтсүн сени келечекте кенен жол.
Чын ден-соолук узун өмүр каалаймын,
Ким болсоң да бак таалайлуу адам бол.
Оттой күйүп жарык болсун жан жагың,
Опол тоодой бийик болсун салмагың.
Куттуу болсун ак мектепти аяктап,
Орто билим аттестатың алганың.
Ыр саптары сезимдерден булактап,
Ырыс чачкан окуучу кез ыраактап.
Эмгектенип билим берген талыкпай,
Эже-агайлар сиздерге чоң ыракмат.
Бир туугандык сезим менен даярдап,
Бир топ ойду чын жүрөктөн баяндап.
Каалоо тилек ойлорумду ыр менен,
Карындашым жазып келдим сага арнап.
Туура жолуң шыдыр кетсин жаңылбай,
Туткунуна жамандыктын жаңылбай.
Өзүң бүткөн мектебиңдин атындай,
Гулдөп тургун Мичуриндин багындай.
Ачык болуп ар убакта асманың,
Ата-эненин ишеничин актагын.
Кудай таала кенен ачса жолуңду,
Курманжандай болоорсуң сен Даткайым.
Ак эмгектен эч убакта талыкпай,
Алга карай кадам ташта арыштай.
Ак калпактуу элдин кызы аталып,
Атын калсын алтын тамга тарыхта.
Кыйынчылык алтын башка тушпөсүн,
Кырсык сени эч убакта күтпөсүн.
Жамандыгын жаратканым жолотпой,
Жалаң гана жакшылыгын жүктөсүн.
Эч убакта тизе бүкпө чөгөлөп,
Эргип учкун канат сермеп көкөлөп.
Тынымы жок эмгек өтө калкыңа,
Тынчтык заман сени турсун бөпөлөп.
Көк тиреген аска зоодой бийик бол,
Каухар таштан таза жана тунук бол.
Ала тоолук элдин кызы аталып,
Адам деген атың менен улук бол.
Уч кыйырсыз деңиздеги кеме бол,
Уул-кызга келечекте эне бол.
Узак жашап ден соолугуң чың болуп,
Улап өмүр жашың жетип жүзгө тол.
Агаң сага арнап каалоо тилегин,
Ашып ташып толкуп турат жүрөгүм.
Ата-эненин, бир туугандын албетте,
Алмашылгыс кыматтыгын билемин.
Автор:
Мойдунов Шумкарбек Даниярбекович
25-сентябрь 2010 жыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1
Алла ыраазы болсун