Кош кел куттуу мен күткөн рамадан ай!
Урматтуу мусулман бир тууган эже- карындаш, ага- иним, досторум..
Аллахка чексиз мактоолор жана шүгүрлөр болсун! Пайгамбар СоллаЛлоху алайхи уа салламга салам- салаваттар ага болсун!
Рамадан айы:
Бул куттуу ай Аллахтын рахматы жааган ай
Бул куттуу ай Аллах Тааланын кечирим айы
Бул куттуу ай жаннатка жетелей турган айы
Бул куттуу ай тозоктон сактоочу айы
Бул куттуу ай Аллах Тааланын нуру болгон ай.
Мына Кудайым буюрса көптөн күткөн берекелүү Рамазан айы кирип келе жатат..
Аллах Таалам ар бир момун мусулман бир тууганды орозо кармоосун насип кылып, орозо кармаш менен чоң- кичине, билип билбей кетирген ката кемчиликтерди кечирип жана да Бейишке Ар- Роййан эшигинен киргизүү ар бир мусулманга насип этсин..
Урматтуу менин бир тууганым..
Касиеттүү орозо айында сабырдуу болуп, ачууга алдырбай, талашып тартышкандан алыс бололук эң негизгиси бөлүнбөй бири бирибизди колдоого чакырам..
Мына, ошентип Пайгамбар СоллаЛлоху алайхи уа салламдын заманынан канчалык алыстаган сайын, ошончолук алсыз болуп, мусулман менен каапыр эмес, балким мусулман менен мусулман болуп туруп бөлүнүп- тытышып жатабыз..
Аттиң, Пайгамбар СоллаЛлоху алайхи уа саллам айтат: Менин сахаабаларымдын ортосунда бири бирине мээримдүү эле, ал эми душмандарга заалым эле " деген осуятын уктук бекен?
Эртең эле Аллах жана Пайгамбар СоллаЛлоху алайхи уа салламдын алдына барганда кайсы бетибиз менен карайбыз?
Урматтуу мусулман бир тууганым..
Куттуу орозо айы киргенге чейин баарыбыз кечиришип, адалдашып анан да бөлүнбөй чогуу болсок эч ким зыян бере албайт иң шаа Аллах.
Эгер мен кимди капа кылып акысына кирген болсом, жана кирсем кечирим сурайм баарынан..
Мен сиздерди Аллах үчүн жакшы көрөм..
Чындыгында: «Эгебиз Алла» деп, туура жолдо жүргөндөргө периштелер келип: «Коркпогула! Санаага батпагыла! Убада кылынган Бейишке сүйүнгүлө» дешет» (Фуссилат, 30). Кудайым Ата- энелерибиздин күнөөсүн кечирип, мээримине алып, Мына ушул сүйүнчү кабардын кучагынан орун алууну Алла Таалам жалпыбызга насип кылсын! Оомийн!...
Рамадан айы мубаарак болсун!
Ассаламу алайкум уа рохматуЛлохи уа барокатуху!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3