Бай менен жакыр киши кошуна эле бир заман...
Бири-бирине ар дайым болушаар эле мээрбан...
Жадагалса балдары да бирге ойношуп ар убак...
Бири-биринин короолорунда бирин-бири кубалап...
Бай билээр эле кошунасынын колдорунда жоктугун.
Болгон байлыгы бир аркан, терип сатаар эле отун.
Эмне болмок эле отун акчасы, үйдө болсо сегиз жан.
Бай, кембагал кошунага кылып тураар эле көп жардам.
Бай ойлоор эле:
"Балдарым капысынан урушканда милдеттүү чыкпасын кеп...
Берген нерселеримди кемсинтип жүзүдөрүнө салбасын" деп !!!
Билдирбей эч бир жанга азык-түлүк алып базардан,
Бердирип жиберээр эле дайым бей тааныш адамдардан.
Акысы бар кошунамдын да ушул жагын эстесем.
Тапканымды алар менен бөлүшүшүм керек деп теппетең.
Байдын жардамы менен алыска жетип кошунанын азаны,
Берекелүү болуп күндө, кайнаар эле отунчунун казаны.
Отунчу бул жардамды кимден экенин билээр эле,
Дасторкондо алакан жайып бай үчүн дуба кылаар эле.
Бир күнү бир иш менен бай алыс сапарга кетти.
Кашкардан Ооганга андан соң Мисирге жетти.
Сапары бирааз чозулуп узак журтта калды бай,
Чарчап үйүнө келди болгон кезде алты ай.
Аялына:
-Алып кой деп акча берди калтада.
-Бул ажынын акчасы жөнөймүн ушул аптада.
Аялынан сурады чечип жатып маасыны:
-Тынччылыкпы айылда, колу-кошуна жакшыбы?
Отунчу кошуна кандай, бала-чакасы аманбы?
Аялы айтты:
-Жакшы... мынча күйдүрбөң жанды:
Бир кызы өлгөн эле мазарга жеткизишти,
Ошондон соң негедир, бат эле байып кетишти.
Уулуңуз кирген экен бери кел да дешпептир,
Жеп жатышкан этинен бир тиштем да беришпептир.
Балабыз жегим келди эле деп ыйлап кирди үйүбүзгө,
Ошондон бери ойлой-ойлой жете албайм ой түбүнө.
Момун адамдын болбойт бекен колу ачык ?
Кошунуңуз байыр замат болуп кеткен кызганчык.
Байдын көңүлү шат болду деп:- отунчу ач калбаптыр,
Бирок этти баладан кызганганы жарабаптыр...
Бай сапардан келгенин отунчу кошуна билиптир,
Байдын кандай барып келгенин сураш үчүн кириптир.
Амандашып көрүшүп ал-жайды сурашышкан соң,
Бай айтат кошунусуна:
-Бир сөзүм бар атайын...
Кирген кезде кулунчам эт жеп жаткан экенсиз,
Каратып туруп бир тиштем этиңизден бербепсиз.
Отунчу дейт:
-Кечириңиз кошуна, айып менде чыгарбайм сөздү төгүнгө !!!
Бир ай аябай кыйналдык сиз алыс сапарда жүргөндө.
Өзүм табым жок эле ден-соолугум бузулду,
Эхх ач калдык: Бир кызымдын "наан" деп жаны үзүлдү...
Бир нече күндөн кийин талаага чыктым колумда аркан менен,
Кана эле үйгө кайтсам куржунум толо нан-пан менен.
Арам өлгөн бир эшек чыкты жолумдан,
Балдарымды эстеп бир сөз өттү оюмдан:
-"Аллахым өзүң кечир ушул да бизге алалдыр" !!!
Ачкадан өлдү кызым, аялым да оорукчан.
Алып келдим үйүмө ошол эшекти тытмалап,
Туздап каттым сарайга этти майда тууралап.
Арамдыгын билгенде уулуңуз эт дебес эле,
Бизге алал болсо да сизге алал эмес эле !!!
Ачкадан балдарымда калган эле сөөк менен тери,
Жегенибиз ошол эт мына бир айдан бери...
Кошунасын узатып байдан чыкты ысытма;
"Сапарга чыкпай өлөйүн эмне кылып койдум а !!!"
Аттиң аай ушуларга жегилик таштап кетсем болбойт беле...
Балким отунчунун кызы да өзөрүп ачка өлбөйт эле...
Ачтыктан өлүмтүк жеп олтурса кошунам мында,
Ажылыка сооп издеп барышымдан эмне пайда...
Бай, ажы акчасын чыгарып отунчуга карматты,
Бала-чакасынын баардыгын тегерегине жайнатты.
Кааба мечитин зыярат кылган сыңары,
Отунчунун үй-бүлөөсүн жети ирээт айланды...
Үч күндөн соң ажылар кетишти ажылык кылганы,
Кетишти Аллах үчүн садагага мал-жанды кыйганы.
Үч ай өтүп арадан жетип келишти ажылар,
Дүкөндө байды көрүп айраң таң калышты алар.
- Э ажыбы?
-Ажыбы?
-Ажы !!!
Кааба мечитинен качан кайтып келдиңиз ?
Канат чыктыбы же бир болсо шамал болуп келдиңиз.
Коштошоордо айткан элеңиз го он-он беш күн каламын,
Сиздер бара бериңиздер сиздерден кийин барамын.
Бизден берип жиберген элеңиз белек-бечкектүү түйүн,
Берейин деп келген элек үйүңүзгө ушул бүгүн.
Бай таң калыштуу үн чыгарып:
-Барганым жок ажыга мен,
Ажылар сөзгө келишпей жарыша айтышты теппетең:
Кааба мечитинде бирге тообо кылдык го,
Намаз убактысында беш убак жанаша олтурдук го.
Жалган арапа күнү жетип бардык минага,
Арафатта олтуруп эсеп бердик го Аллага.
Дуба кылып өптүңүз ажылык аспапты да,
Бирге курмандык кылдык, бирге кырктык чачты да.
-Ажы...аманатыңыз мына...түйүндү алыңыз,
Жолдо чарчап калыпсыз биз кеттик жакшы калыңыз !!!
Бай ыйлады жаш баладай тилине сөз келбес эле,
Колунда түйүн ичинде эмне бардыгын билбес эле.
Бай түйүндү бооруна басты да чуркады шашып үйүнө,
Көргөн элдин баардыгы ээрчишти кошо жүгүрө.
Периштелер кармаган бул түйүндө эмне Алла:
Жайнамазбы, куран китеппи, же теспеби деп сүйүнө.
Жүрөгү да опколжуду чыгып кетчүдөй огунан,
Жаратканым чындап эле ишим чыктыбы оңунан ???
Үйгө келип түйүнчөктү шашып-бушуп ачканда.
Үн чыгара албай көмөкөйдөн тили буулду шашканга:
-Оо Аллахым,
-Аллооху акбар !!! -деп кыйкыра ыйлады,
Ойго келбес жерден эле мени кантип сыйлады...
Байга келген түйүнчөктө бар эле "Каабанын" жабуусу,
Байлык-даража казыналардын барбы мындан баалуусу?
-Роббым...бир күнөөкөкөр пендеңе бул кылганың туурабы...
Мойнумда го кошунанын секелек кызынын убалы !!!
Аял заты адамдардын жашоосуна жарык берүүчү болсо периште...
Акыры наадандыгымдан өчтү го наристенин чырагы.
Бай ыйлап жатты эмне кылаарын биле албай,
"Ажы" болдубу...буга ишенээрин сезе албай.
Аллах бир периштени окшотуп коюп байга,
Түшүргөн болсо неге таңбыз ажылар турган жайга.
Бай кейпиндеги периште аткарып ажы амалын,
Берип жиберген экен Меккеден, белектүү аманатын.
Байдын толуп эл-журтка үйдүн ичи-короосу,
Тууган урук чогулуп жана келди кошунасы отунчу.
Бай айтты:
-Ээй кадырлуу меймандар...көп эле менин досуман:
Мени ажыга жиберип "ажы" кылган мына бул кошунам !!!
Бай кошунасын кучактап ыраазычылыгын билдирди,
Кошунасы жактагы тосмого "Кааба жабуусун" илдирди.
Дуба кылып өбүштү элдер "Кааба мечитинин" жабуусун,
Чын жүрөктөн берип жатышты сыйлуу белектери менен тартуусун...
Ошол күнү ажы бай мүшөктү жаздана жатат уктап,
Түшүндө Кааба мечити келиптир ажы байды куттуктап.
Отургузуп коюп байды манжалар менен дейт сана,
Тегерене жетимиш жолу тегеренип жатыптыр "Кааба"...
(Ибрагим курган "Каабаны" кимдер гана билбейт дейсиз...
Ал таш үйдө ыссыктык болбостугу анык экен буга эмне дейсиз...
Акырет үчүн амалдарды иштеп, соопко жүгүр...
Аллах өзү курган үй момундардын жүрөгүдүр !!!
Аларга бир назар сал, бири турат нурданып,
Аалымдыка ынтылып, амалдарга нурланып.
Бири илимсиздиктен капкараңгы сабатсыз,
Биринде алал эмес иштерге түртөт шайтан, дин-исламдан жүргөндөрдү кабарсыз...)
СИЗДЕРДИ УШУЛ КААБАГА ЧАКЫРАМЫН МОМУНДАР !!!
СИЗДЕРДЕЙ ЭЛЕ ЖӨНӨКӨЙ БОЛУП, АМАЛ КЫЛЫШКАН ААЛЫМДАР...
СУНУШ-ПИКИРИМ: ЖАКШЫ МАМИЛЕДЕ БОЛОЛУ БЕШ КҮНДҮК ЖАЛГАН ӨМҮРДӨ...
СУРАНЫЧЫМ: ЭЧ БИР ЖАНГА ЖАМАН АЙТПАЙЛЫЧЫ, ТАК ТҮШҮРБӨЙ КӨҢҮЛГӨ...
Комментарии 107