Энем кургур жашоодон жолу жок
тагдырына таарынган бир байкуш адам
эле. Андайлар жашоодо көп албетте.
Бирок ал жашоодогу жолу жок,
ийгиликсиз тагдырын дайыма менден
чыгарып алчу. Күн сайын ага жакпай
турчу болбогон бир нерсе болсо эле
жөндөн жөн мага бакырып кыйкырганы
кыйкырган. Кокустан кийимиди
кирдетип алсам, сөгүш угамын.
Колундагы туз төгүлсө да балээге мен
калам. Ойноп жүрүп жыртып алган
шымым үчүн энем мени аябай
токмоктогон эле. Бир койсо дагы жакшы
эмеспи, кур таап келип май көтөндөн
оңдурбай сабайт эле.
Апамдын бактысыз адам экенин түшүнөт
элем. Дайыма сабырдуу болуп
унчукпоого аракет кылчумун. Эс тартып
сегиз жашка чыканымча апама унчуга
алчу эмесмин. Эмне кылмак элем? Апаңа
кол көтөрө албайсың да.
– Апа, атам кайда? деп анда-санда сурап
коёт элем.
– Атаңды эмне кыласың? Көрбөй
турасыңбы, мен сени кийинтип, ичинтип
жатканымды? «эртеден кечке чейин кир-
когуңду жууп курсагыңды тоюндуруп ,
өмүрүмдүн баары сен үчүн өтүп жатат,
ушул дагы аз болуп жатабы?» деп ачуусу
келип кетет. Ал күнү да ошентип
суроомо эч кандай жооп ала алган
жокмун. Менин атам ким болду экен
жолу жок энемдин багын байлаган.
Менимче, баарына апамдын жугумсуз
мүнөзү себепкер болсо керек да. Энем
дайыма жумуштан көп бошоп калаар эле.
Кайсы эле жумушка ушундай жугумсуз
мүнөздүү аял керек дейсиң?
Анан бир күнү тигил бирөө пайда болду.
Аты Геннадий экен. Гена. Анын апамдан
эмне тапканын билбейм. Балким, ал
дагы жолу жок бирөө болсо керек да.
Биздин чакан шаарчада баш калкалоочу
жайы да жок экен. Апамдын болсо
энесинен калган квартирасы бар. Ушуга
да шүгүр. Ал кезде апам заводдо ашпозчу
болуп иштеп жүрчү. Гена болсо
кураштыруу цехтинин жумушчусу экен.
Апам менен таанышкандан кийин ал көп
өтпөй биздикине көчүп келди.
– Амансыңбы, жигит! - деп чоң шадылуу
колу менен алаканымды кысып койду. –
Атың ким? – Саша, - дедим уялып.
– Баракелде, Саша! Уялба. Менин атым
Гена болот. Канчанчы класста окуйсуң?
– Экинчи.
– Жакшы окуйсуңбу?
– Ал жакшы окуйт. Жакшы окугандан
көрө апасына жардам берсе гана бир
пайдасы жок неме,- деп апам сөзгө
аралаша кетти.
– Окуй гой, балам, – деп Гена башыман
сылады. – Окуу сенин келечегиң, жашооң
үчүн абдан маанилүү болот.
Ал биздин оңдоп-түзөөдөн өтпөгөн эски
эки бөлмөлүү батирибизди ичин бир
сыйра көз жүгүртө карап өттү.
Мен ушул себептүү жакшы окуганга
арекет кылат элем. Ушундай катаал
турмуштун каарында калып калбоо үчүн.
Анткени менин минтип жашагым
келбейт болчу.
Бир жолу пакеттен чемичкемди идишке
салып жатып, жарымын жерге төгүп
алдым.
– Көк мээ, эшек! – деп энем адатынча
мага кыйкырып жиберди. – Мен жаңы эле
полду жууп, шыпырдым эле го. Колуңдан
эч нерсе келбегенден кийин, жок дегенде
таза жерди булгабай отурсаң боло акмак-
деп жаактан ары тартып жибергенде
башым дубалга тийип кала жаздады.
Дасторкондун башында чай ичип отурган
Гена апамдын ач айкырыгынан селт этти.
Ал муштумун үстөлгө бир койду да.
– Галя!
– Эмне? – деди апам акырын үнү менен.
– Эч нерсе. Мага алдагы нанды алып
берчи. Ошондон кийин эч ким эч нерсе
деп үндөгөн жок. Мен болсо ашканадан
чыгып кеттим. Бирок мен дароо кеткен
жокмун албетте. Алды менен чачкан
чемичкемди терип алгам элем. Үйдүн
ичи тымтырс боло түштү. Бөлмөмө
киргенде эле алардын кыйкырыктары
угулду. Гена апамды катуу урушуп жатты.
Ал эмне деп жатат болду экен? Уккум
келди. Эгер кармалып калсам өлтүрөт
мени дедим. Бирок ага деле карабай
эшиктин түбүнө барып тыңшап туруп
калдым.
– ... Мындан кийин мен сенин
ушундайыңды эч качан көрбөйүн! Кантип
колуң барат балага? Эмнеге минтесиң?
"Мен мындан аябай чарчадым" деп энем
актанып жатты. – Көр оокат, жумуш, үй.
Анан менин эмгегимди дайыма
баалабайт.
– Биринчиден, бул жаш бала!
Экинчиден, сен ага эмгегиңди урматтоого
үйрөттүңбү? Ага көңүл бурганга убактың
барбы өзү сенин? Экөөңөр чогуу бир
үйдө эмне кыласыңар кечке?
Энем унчукпай калды.
– Колуңду көп көтөрөсүңбү?
– Жок андай эмес, Геночка. Көп деле
эмес. Ачууланып бир чапкандырмын,
анын эмнеси бар экен?
– Мен турганда эми мындай болбошу
керек. Мен, мага жооп бере албагандарга
же өзүмөн алсыздарга эч качан кол
көтөрбөйт элем. Бул жеткен
ырайымсыздык деп билем, мага
мындайыңды көргөзбөгүн эми!.
Мен ашканага чуркап кирип апамдын
жалган айтып жатканын айткым келди.
Ал ар бир мүмкүнчүлүгүндө каалаган
нерсеси менен урат! Колунан келбеген
нерсечи үчүн да баарына мени күнөөлөп
урат! Менин катамдын жалгыз себеби
ушул деп айтайын дедим да бирок айта
албадым. Гена менин сөзүмдү сүйлөп
жатканына муунум бошой түштү.
Ордумдан баса да, сүйлөй да алган
жокмун. Тамагыма бир өксүк келип
такалып калгандаймын.
– Галя, эгер балага кол тийгизсең мен
бул үйдөн кетемин. Бала урган аялдар
менен мен жашай албаймын. Энем Генага
эми эч качан урбайм деп ант-суусун
ичип, ага сөз берди. Эң кызыгы, ал сөзүнө
турду. Ошол жагдайлардан кийин Гена
мага көп убактысын бөлүп баштады. Сабактарымды текшерип, жакшы баа
алганыма сүйүнчү. Ал мени өзү менен
бирге балык уулоого дайым эрчитип алат.
Ал балык кармаганды жакшы көрчү.
Күндөрдүн биринде ал үйдү оңдомок
болуп калды.
– Саня, сен мага жардам бересиңби?
Окуй турган сабактарың барбы?
Албетте мен ага жардам бергениме
кубанычта элем. Баарын туура кылганга
аракет кылдым. Гена болсо мени аябай
мактады. Ал тургай кээ бир жерлерде
туура эмес болсо дагы мени ашыкча
мактап жибергендей сезилди.
Ашкананы оңдоп бүтүргөнүбүздөн кийин
бир сыйра көз жүгүртө маңкая карап
туруп калдым да, анан өзүмөн өзү эле
Генага суроо берип жибердим: – Биздин үйдө көпкө турасыңбы?
– Көрөбүз аны, - деди Гена ийинин
куушуруп.
— Түшүндүм, — деп мен катуу
үшкүрүнүп жибердим.
Гена дароо тизелей калып, көзүмө тике
карады:
– Колумдан келишинче аракет кылам.
макулбу? Мен чындыкты айтып жатам.
– Анан сени ата десем болобу?
– Кааласаң айта гой... Албетте, болот
балам!
Мен эми аны ата деп айтмакчы болдум.
Башында ата деп ишенимсиз, акырын
гана айтат элем. Кийин үнүмдү өктөм
чыгарып, бат-баттан айта баштадым. Мен
Генаны абдан жакшы көрчүмүн. Түн ичинде ал биздин үйдө түбөлүк калса
экен деп тиленип жатчумун. Сыягы, мен
тиленген ошол асмандагылар мени
угушса керек да. Энемдин боюнда болуп
калды. Алар ошентип баш кошушту. Мен
ошол учурда абдан чочулап жүрдүм. Гена
өзү балалуу болгондон кийин мени
жакшы көрбөй калчудай сезилди. Бир
күнү экөө ээрчишип ооруканадан
келишти. Апамдын болсо курсагы чыгып
билинип калган, өгөй атам кубанычы
менен бөлүштү:
– Биздин эми кызыбыз да болот! Мен
абдан бактылуумун! Мына төгөрөгү төп
келүү деген ушул.
Апам менин башымдан сылап койду. Ал
чындап эле мага болгон мамилесин
өзгөрттү. Сүйүктүү болгонун сезгенден
кийин мүнөзү жумшарды окшойт. Бул
бакыт түбөлүктүү болорун билгенден
кийин ачуусу таркагандай. Гена чындап
жакшы өгөй ата болду, апам экөөбүздүн
күңүрт жашообузду бузуп жаркыраган
жашоону алаканыбызга салып бергендей
болду.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин, Варя
төрөлдү. Гена кызын абдан жакшы көрчү.
Бирок ал мага да болгон ысык мамилесин
өзгөрткөн жок. Варька бир кызык кыз
болчу. Ал ыржаңдап, тиштери жок оозу
менен күлүп, колу-бутун кыймылдатып
коюп жата берет. Карындашым
татынакай, дени сак болуп чоңойду. Мен
аны ар дайым коргоп карайм. Кээде
өзүмчө ойлонуп калам. Эгер апам
экөөбүздүн жашообузда Гена болбой
калса күнүбүз кандай болот эле? Караңгы
түндө калат белек, ким билет. Андан ар жагын ойлонуу мага коркунучтуу болуп
кетчү.
Мен шаарга жаңы окууга барганда Варя
тогуз жашта болчу. Мектепти болсо
алтын медаль менен бүтүргөм.
Сабактарына көп көңүл бурбаган Варяны
атасы урушуп: «Ой, кызым!
– Мына, Сашадай окуш керек! Биздин
жигит эмнени кыялданарын жакшы
билет! Ал баарын өзү жасаганга аракет
кылат! Сен болсо эртеден кечке телефон
чукуп эле отурасың.
Варя Генага карап тилин чыгарып, анан
кайра эле атасынын мойнунан кучактай
асыла калат. Гена кызынын бул кылыгына
эзилип кетет.
Перрондо апам башын жерге сала
кучактап, согушка узаткансып ыйлап жиберди.
– Апа, сизге эмне болду? Мен тез-тез эле
келип турамын го.
– Кечирчи мени, балам, кечир мени!
Баары үчүн сенден кечирим сурайм! -
Мен поездге түшкөнчө ал ыйлап тура
берди. Гена болсо баарыбызды чогу кыса
кучактап алды. Кучакташып
коштошкондон кийин апамдын кулагына
"сен эң сонун апасың" деп шыбырап
алганга үлгүрдүм.
Москвага барып университетке
тапшырдым. Кийин кошумча жумуш да
таптым. Жаңы жылга үй-бүлөмө белек-
бечкектерди алгым келди. Баарынан да
Генаны кубантууну кааладым. Кышкы
сессия аяктаары менен үйгө келдим.
Варяга телефонуна жаңы кап, апама болсо
күмүш сөйкө, ал эми Генага кайырмак
белек кылдым.
– Оо, баатырым десе, мына мунуң укмуш
экен го!? - деп ал кубанып калды.
Кечке жуук Гена ашканага өзүнчө мени
чакырып, сүйлөшкүсү келгенин айтты.
– Саня, өз атаң сени издеп келиптир. Бул
оңой эмес, албетте, мен түшүнүп
турамын. Ушунча жылдан кийин. Бирок
ал шаарда бир аз убакыт болот экен. Мен
анын телефонун алып калдым. Энең
болсо каршы чыкты. Бирок мен сени
ойлоп эле, тиги...
Балким, аны көргүң келип жүргөндүрсүң?
Мындай кабарды укканда башымдан жаба
суу куюп жибергендей болуп кеттим.
– Апа, менин атам ким? –деген суроо
менден дагы кайталанды. Ушул суроону
сураган сайын мага атырылып,
кыйкырган апамдын ачуу үнү кайрадан
жаңырды. Гена болсо унчукпайт. Бирок
жүзүндө тынчсыздануу бар. Колунда
кармаганы телефон жазылган бир барак
кагаз. Мен кагазды алдым да, көпкө
ойлонуп турбастан майдалап, тытып-
тытып жибердим да дароо таштандыга
ыргытып салдым.
- Ата, мунуңуз эмне? Кандайча өз ата?
Менин бир гана атам бар эмеспи, ал
сенсиң. Мага башка атанын кереги жок.
Генанын көздөрүнөн жаш тегеренип
кетти. Ал мени бекем кучактап жиберди.
Атам байкуш картайып баратыптыр. Ал
негизи кийинчерээк сезимтал да болуп
баратат...
Аягы...
Ирина Малаховская
Которгон: Жумагулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев