( - 17 - )
Султандын чоо - жайын билбей эле эне кургурдун жүрөгү туйлап, канча жакшылыкты тилесе да тынчы кетип, үй - жайын Нуржаннатка дайындап, Даркан шаарга келгенине эки күндүн жүзү болду. Экинчи күн кечке жуук гана Султандын жашаган үйүнө аны тааныган бир бала ээрчитип барды. Ал бала да эмнегедир жер карап, көмөкөйүнө бир деке тыгылгансып жутунуп, мукактанып, Даркандан көзүн алып качып, бир деке айтчудай болуп, айталбай буйдалганын Даркан сезип калды.
- Балам, жаткан жериндегилер билбейбиз деп койду.
- Билишет,айтышпады да- деп күнөөлүүдөй жер карап.
- Эмнени,эмнени айтышпады? Султанга...
Бала бурулуп баса берем дегенде Даркан билектен алып, эки колунан бекем кармай, чөгөлөй калган Даркан,
- Өмүрүң узун болгур билсең айтчы.Султаным...
- Ал камалып калган.
- Камалып калган- Даркан эки бетин кармап, ток ургандай ордунан козголо албай калды. Чындыкты айтканына, энени азапка салганына чыдабаган бала жыла берген эле. Даркан эсине келип ордунан шаша туруп баланы ары бери карап издеди. Жок. Эми кайдан табат? Тапканда бир деке билет беле? Эс- акылын жыйа албаган Даркан дуулдаган базар ичин аралап баса берди. Эмне кылаарын билбей, кимге кайрылаарын таппай эси ооду. Улам араба түрткөн балдарды карап көзү чачырап,,Султаным,каралдым мен келдим" деп койот. Акыры арыды, чарчады. Бутун араң шилтеп ачык жердеги тамактана турган жерге келип бир четине отурду. Тыным билбеген адамдарды карап отуруп, зээни чыдабай солкулдап, үн чыгарбай ыйлай баштады. Калган каткан идиштерин жыйнап жүргөн кара торусунан келген келин баятан байкап чыдабады көрүнөт Даркандын жанына келип отурду да, акырын колун Даркандын далысына койуп,
- Эже,ыйлабаңыз баары жакшы болот,- деди.
Жаш чайган бетин аарчый Даркан суроолуу карады да,
- Сен кайдан билесиң?- деди жалдырай
- Кайгырып ыйлаганыңыздан айтам да.Кайгырбаңыз.
- Башка айлам жок.
- Барар жериңиз жокпу?
- Баламды издеп келгем.
- Балаңыз.
- Ушул базарда араба тартып иштейт эле.
- Менин балам да иштейт.Бир аздан кийин келет. Сураштыралы.Ыйлабаңыз эми.
Мейли дегендей баш ийкеп Даркан тынбаган көз жашын дагы аарчыды. Үмүтү курсун. Даркандын өчкөн үмүтүнө от жагылгандай болуп, келинди үмүттүү карады.
- Жүрүңүз менин жаныма,чайлашып отуруп туралы.
Жерге отургузулган отургучтарды аралай келинди ээрчип баса берди Даркан. Арыраакта кыштардан аманат гана тегерете жасалган очок, жанында кулай турган болуп идиштерди койгон тактай, кечинде эс алышат окшойт эскилиги жеткен кроватта төшөнчтөрү түрүлүп турат. Даркандын көңүлүнө эч нерсе жакпай, көңүл бургусу да келбей дүйнөсү дүпөйүл тартып, эч нерсеге маани бергиси келбеди.
- Келиңиз мындай отуруңуз.Биздин төрүбүздө да ушул, көңүл бурбаңыз. Азыр, мен чай алып келейин.
Даркан отургучка отуруп жатып, аябай чарчаганын сезди. Ыксырап барып отурду. Жан дүйнөсү тегирмен барасына жанчылгандай зылдап, ага араң чыдаган жүрөгү зыркырап турган эле. Эки күндөн бери тыным билбей баскан буттары бир аз сунулганда тапандары ийне сайгандай чымырай баштады. Даркан эңкейе талыкшыган буттарын ушалап жатып ,, балам сени таап калсам болду" деп шыбыранып алды. Бир колунда чайнек, бир колунда чыны кармап келип калган келин ары жакта эми эле келип отурган бири жаш жигит, бири орто жаш кишилерди карап,
- Келиңиздер,тамак жейсиздерби? Рагу эле калган,чай наны менен боло береби? - деп чайнекти Даркандын жанына койуп жатып, - эже азыр. Тамак берип койойун. Булар күнүгө келишет да.
- Ии- Даркан эмне демек эле. Курсагы ачкан менен тамагынан кыл өткүдөй эмес. Жер карап, ойго батып, отура берди. Качан гана ашпозчу келин,
- Тамакка караңыз, - дегенде гана баш көтөрүп, тиги келиндин карап отурганын көрдү.
- Тим эле койбойт белең.
- Эже нандан алыңыз, чайдан ичиңиз, тамак сууп калбасын ысыгында жеңиз анан сүйлөшүп отуруп турабыз балам келгиче.
- Рахмат,балаң качан келет ?
- Жүк түшүрөбүз азыр деп звонок кылды го,бир топто келет окшойт. Эс алып отуруп турасыз да.
- Мм,- Даркан ойлуу чыныдагы тамагын кашык менен ары бери кылып, - балаң эмне иш кылат ? - деди ойлуу отурган келинге карап.
- Алы жеткен иш болсо эле,анан арабада жүк ташыйт.
,,Менин балам да жүк ташып иш кылчы эле да" Даркан ойлоно калды.
- Эже чайдан ичиңиз ысыгында. Качан келдиңиз?
- Кечээ эртең менен.Кечке жүрүп кайда бараарымды билбей жүрсөм тээ чет жерде бир чоң эле эже саткан нерселеринин жанында эле жатып алган экен. Жанына карайлап барып калдым. Отургучу бош экен отуруп таң атырдым. Эртең менен кой десем болбой чайын берди.
- Бул жакка келе бербейт белеңиз.
- Кайдан билем.
- Биз балам экөөбүздө жашоо ушундай эже- келин оор улутунуп койду,- атыңыз ким эже.
- Даркан.
- Менин атым Калыйпа,Калый деп койушат.Келиңиз ысык чай куйуп берейин.
Даркан бир аз ичтейи ачылып, тамак жеп, ысык чай ичип, чарчаган денеси жазыла түшкөн. Көздөрү ойлуу, оор басырыктуу отурган Калый Дарканга окшогондордун канчасын ажатын ачып, дасторконунан даам таттырып, көңүлүн көтөргөн. Бул базар бир кептер кана дейт Калый бири келип бири кеткен. Адам көңүлүн жогору койгон, баалаган аял экен көрсө.
- Көптөн бери иштейсиңби?
- Эки жылдан өтүп калды,ишим жакшы эже,насибинче.
- Мм.Үй бүлөң мененсинби?
- Кайда,балам экөөбүз эле.Ажырашып кеткем.
- Кечирип кой.
- Эчтеке эмес,чайдан ичиңиз.
- Ии, ичип атам рахмат.
- Эже,адам баласы башына эмнелер келерин билсе минтип саныбыз сайда жүрмөк эмеспиз да.
- Билсең кана,туура айтасың.
- Мен да билбей отко түштүм,ошонун азабын тартып жүрөм. Айып өзүмдө айкөлдүгүм башыма тийди.Адамдан адам пайдаланып, мунун тагдыры эмне болот деп ойлонбогон адамдар өздөрүнүн келечегин да ойлонушпайт экен эже. Ушуну чыркыратсам кудай жазамды бербесин деп кудайдан коркушпай өз кызыкчылыгын ойлошот экен. Жетим жетилет демекчи бул күндөр да өтөт...
Калый ар бир сөзүн токтоп, ойлоно калып сүйлөп жатты. Кара тору жүзүнөн, ойлуу көздөрүнөн жеңилбес кайраттуулук сезилип, өжөрлүгү көрүнүп турган.
( уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев