Кайгы, күйүттөр, жанып жалындап,
Кыргызым, калдык эми жалгыздап.
Асабадай, Аалым өтүп дүйнөдөн,
Аалам, бизге калды окшойт калыңдап.
Кыргызым, күнүбүз түнгө айланды,
Көзүбүз көрбөй, караңгыга байланды.
Кудайым, элимди өзүң сактагын,
Кимдерге, болтурбай көз каранды.
Аман болсун, уул кыздар балдарың,
Өнүп өссүн, бакчаңдагы талдарың.
Оордуң басып, Аалым чыксын урпагың,
Ойгонбостон, бейпилдикте уктагын.
Кан жутуп, Кыргыз элим күйүттөн,
Жаракат алып, ооруп турат жүрөктөн.
Капыстан, илдет басып элимди,
Кайгыртып, азапка салып жүдөткөн.
Жаратканым, ооруганга шыфаа бер,
Жүрөгүнө, ыйман нурун кошо бер.
Жалдыратып, ыйлатпачы элимди,
Жароокерсиң, сакта элим, жеримди.
Автор: Темирбаева Д.
11.07.2020. Бишкек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30