Предыдущая публикация
Балалык күндөр өткөн аны туям.
Сагынам кең пейилдүү элин дайым
Бул дүйнө бейишисиң Чоң-Алайым.
Торолдук тоолоруңдун кучагында
Бөлөнгөн балалыгым кубанычка.
Жуулуп жан дүйнөбүз сууларыңа
Мына мен даяр болдум кызматыңа!!
Насибинче жеримдин тузун татам
Кечир мени ата журт болсо катам.
Алыстап эл жеримден жүрсөм дагы
Кайтууга кучагыңа күндө шашам.
Мактанам элибиздин пейили кенен
Чоң-Алай мен туулган кичи мекен.
Тагдырым кандай каттуу сынаса да
Жүрөгүм жашай берет сени менен!!!
25.03.2021.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 15
4катын алыпсынго