( 23 түн уландысы )
Жакшы адамга жаныңды чапсаң да аздык кылат ов. Дил билги Калый жол азыгын камдап койгонуна, качан жетишкенине таң калды Даркан. Жүрөгү элжиреп, ыраазычылыгын айтып бүтүрө албай коштошоордо Калыйды бекем кучактап, эки бетинен өөп,
- Жараткан жакшылыктарын гана ыроолосун сага алтыным. Жакшы адамдар силер болбосоңор кантмек элем,- деп бир чети эч качан алыскы жолго басып көрбөгөн жаны апкаарып турду.
- Буйурса баары жакшы болот. Кудай сүйгөн адамсың жөнөкөй, ак көңүл, мээрман, кең пейил.Ак жол.Кабарлашып тур.
- Албетте, барып эле байланышам.Сүйлөшүп турабыз.Баарына рахмат.
- Ишимден чыга албайм,эмесе өзүм алпарып узатып коймокмун.
- Өзүм эбин табам.Камтама болбо.Жакшы кал ээ.
Даркан Калый чакырган таксиге отурду да, жомогу башталып, бүтпөгөн алыс жолго аттанды.
Жүгүнө ара чолодо жүргүнчү балдар жардам беришип,өз ордун таап отурду. Таң кала эки жагын каранып ,, көргөнүмдөн көрө элегимде көп турбайбы" деп койду ичинен. Поезд бир кыймылдап алып, ,,кана эмесе алдыга" дегендей ,, быш" эте желин чыгара акырын жыла баштады. Маңдайында эки бала. Бири өйдөдө болот окшойт буйумдарын ошол жакка таштап, беркинин жанына отурду.
- Беркилер жанаша вагондо дедиңби
- Ооба, чогуу бир жерде болсок жакшы болот эле ээ.
-Ооба.
- Саламатсыздарбы?- ак жумалынан келген, келишимдүү жигит алардын маңдайына келип туруп калды.
- Саламатчылык кел жигит.Сен да биз менен окшойсуң?
- Ооба, сиздер менен.Эже экөөбүз кошуна экенбиз.Мен жогору чыгат окшойм,- деп Дарканга карады.
- Ошондой бекен?- деп Даркан жогору карады.? Ийинине илген сумкасын өз ордуна койду да ыкчам кыймылдап өйдөгө чыгып кетти. Даркан үчүн баары кызыктай эле. ,, Жатып туруп кете бересиң, поезд жакшы. Жол акысы да арзан" деген эле Калый. ,, Булардын маңдайында кантип жатам" деп ойлоно тиги балдарды карай. ,, Уят го"
- Бир сыйра карап койолу,билетиңиз,- маңдайындагы формачан орто жашап калган кишинин сөзүнө саресеп сала бербеген Даркан,
- Аа, эмне дедиңиз?-деп оозун ачып карап калды.
- Билетиңиз барбы!?
- Ии, ооба,- баятан бери тизесине койуп кармап отурган кол сумкасын чукулай- мына,паспортум дагыбы?
- Ооба, ии баары жакшы ак жол.
- Айтканың келсин.
- Жайгашып алдыңарбы,- деп эки бала кайдан- жайдан келип калды.
- Силерди да текшердиби...?,- деди отурган балдардан келгендерге карап.
- Ооба, станцияга жакындап калбадыкпы, - деди келген балдардын бирөө терезе жакты карап.
- Бирдеке шам- шум этип албайлыбы балдар, кел отургула.
Бирөөсү унчукпай эле Даркандын ордунун баш жагына өтүп отура Дарканды бир карап койду. ,, ушундай да боло берет окшойт" деп Даркан таң. Балдар отурду да тапкандардын ортого койуп, акырын бирин бири карашып, бөтөлкөнү бөлүшө башташты. Бир аздан кийин арада баягы тартынуу жоголуп, бака- шака боло башташты. Даркан жактыра бербеди да жолоочулар өтүп туруучу жолдогу терезеден сыртты карап кете берди. Бирде тоо, бирде талаа түз болуп отуруп поезд ылдамдай берди.
( уландысы бар )
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев