Сабырдын түбү сары алтын экен ченелгис,
Санаасын тарттың сан- миң жылга теңелгис.
Көрө албастар жалгандан жалаа жапканда,
"Ак ийилет, бирок да сынбайт"- дегенбиз.
Жакшы тилек, жарым ырыс болсо экен,
Башыңызга бакыт кушу консо экен.
Акыйкатка кыянаттык кылгандар,
Алдыңызда тирүү өлүк болсо экен.
Курулай доомат кетсин кайра келбесин,
Кудай баарын өзү теңдесин.
Кадыр- баркың көтөрүлүп кайрадан,
Калайык калк келсе экен деп дегдесин.
Куттуктайбыз, туулган күн кут болсун,
Кубанычка кучагыңыз жык толсун.
Эл алдында келип, айтаар чындыкка,
Кылган эмгек кызматыңыз жуп болсун
Бир туугандар каалап сизге ден- соолук.
Жараткандан суранабыз бир болуп,
Уулдан урмат, кыздын көрүп кызматын,
Улуубуз бол, улук болуп пир болуп.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 57
Ачык болсун ар убакта маанайын.
Аллах колдоп бата берип Пайгамбар,
Жашаныз дагы мындай жаштын даалайын.
Ушул жыл сизге ийгилик алып келсин.