*
Акылман бир күнү шакирттерин сынамак болот.
Бир ак кагаздын ортосуна кичинекей кара чекит тартат да, шакирттерин чакырып алып: «Бул жерден эмнени көрүп турасыңар?» деп сурайт. Бири ка-
газда чекит гана тартылган дейт. Экинчиси жакшылап
карап туруп, ал чекит кара чекит экенин айтат. Ал эми
үчүнчүсү көпкө карап туруп, ал чекит күчтүү боелгон
кара чекит экенин тастыктайт. Ошондо акылман алардын жообуна ыраазы болбой, көзүнө жаш алып ары карап кетет. Анын бул кылыгына таң калган шакирттери
«Башка дагы бир нерсе барбы?» дегендей ак кагазды
көпкө карап турушат да, устатынан эмнени туура эмес
айткандарын сурашат. Ошондо устаты аларга карап:
– Баарыңар бул жерден кичинекей кара чекитти
көрдүңөр, бирок, бирөөңөр да чоң ак кагазды көрбөдүңөр. Тилекке каршы, канча окусаңар да башкалардан
эч кандай айырмалана албапсыңар. Себеби, жашоодода ушундай, адамдар бири-бириндеги жакшы сапаттарды көргүсү келбейт да, кичинекей жаман сапатын көрсө, ошону чоңойтуп айтып чыгышат! – дейт.
*«Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет».*
{Макал}
*«Акылга жарды, тили бай адам – мөмөгө жарды, гүлгө бай бадам...»*
{Чыгыш макалы}
*«Күзгү – өңдүн күзгүсү болсо, акыл – жан
дүйнөнүн күзгүсү».*
{Б. Гарсиан}
*«Нөлгө окшогон адамдар да болот, алардын
алдында дайым бир саны туруш керек».*
{Оноре де Бальзак}
.
*КМДБ РФ 🧕🏻*
Бизге катталыңыз ⤵️
Айымдар үчүн:
+7 977 902-84-13
+7 926 047-87-32
+7 901 464-61-51
Одноклассник➡ https://ok.ru/group/52447045550166 Инстаграм➡️ https://www.instagram.com/p/B5n1hUboAlz/?igshid=1cuoxzui4llpb Фейсбук➡ https://www.facebook.com/groups/1009125752761152 Ютуб➡️
https://www.youtube.com/channel/UC05Th7bcX430m3VjkXVT_bw
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев