Мусулмандын бактылуулугун сыры болгон ички дүйнөсүнүн бакытка бөлөнүүсүнүн себептеринин эң алгачкысы- анын өзүнө , жаратуучусуна жана жашоосуна ыраазы болуусу.
Өзүнө ыраазы болуусу керек дегендин мааниси төмөндөгүчө: анын бул жашоодогу орду маанилүү экендигин, жаратылгандардын ичинен эң жакшысы экендигин жана Алла Таала аны бекер жаратпастан ,Алла Тааланы улуулап, ага ибадат кылуусу үчүн жараткандыгын билип ага ыраазы болуп өмүр кечирүүсү инсанды өзү менен болгон карама каршылыктан сактайт. Аллах Таала Куранда мындай дейт:
«و ما خلقتُ الجِنَّ و الإنْسَ إلاَّ لِيَعْبُدُونِ»
Мааниси: «Мен жин жана адамдарды Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым.» ِ(Зарийат : 56)
“Жаратуучусуна ыраазы болуусу» дегенди мындайча түшүнүүгө болот: Мусулман киши жаратуучусуна бекем ишенет. Жаратуучусунун толук сыпаттуулугуна, адилеттүүлүгүнө, ырайымдуулугуна жана Ал бардык нерсеге кудуреттүү экендигине толук ыйман келтирет. Мына ушул бекем ишеним момун мусулмандын көңүлүнө ыраазылыкты пайда кылып, ал ыймандын даамын татат. Муслим риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз мындай деп айтат: «Ким Алланы жаратуучу деп ыраазы болсо, Исламды дин деп ыраазы болсо жана Мухаммадды с.а.в. элчи деп ыраазы болсо, чындыгында, ыймандын даамын татыптыр.»
Чындыгында, Алла таала момундарды мактап, аларды ыймандары үчүн сыйлап аларга ыраазы болуп , алар да Ага ыраазы болушкан.
«رَضِي الله عَنْهُمْ وَ رَضُوا عَنْهُ »
Мааниси: «Алла Таала аларга ыраазы болот жана алар да Аллага ыраазы болушат» (Баййина: 8)
Бул дүйнөгө жана андагы жашоого ыраазы болуусу: Момун киши бул кең дүйнөнү Алла Таала жараткандыгын жана бардык нерсени өлчөмү менен белгилеп койгондугун билип, ага ыраазы болот.
«الذِي خَلَقَ فَسَوَّى والذِي قَدَّرَ فَهَدَى»
Мааниси: «Ал баарын жараткан жана тең кылган. Ал баарын өлчөп жана багыттап койгон» (Аъла: 3)
Мусулман киши жаратуучусуна ыраазы болуп, Анын ырайымын , жазып койгон тагдырын, адилеттүүлүгүн мойнуна алып, акыреттеги берилүүчү сооп жана жазага ыйман келтирсе, анда анын көңүлү , ички дүйнөсү учурда да келечекте да кыжалат болбой дайыма бейпилдикте жана ырахатта болуп , Аллахтын нуру менен карап өмүр сүрөт. Ал эми Жаратуучусуна жана тагдырга күмөн кылып, өзүнө да жаратуучусуна да ачууланган киши ар дайым кайгы жана капалыкта болот. Андайлар өзүнөн да адамдардан да, бардык нерседен кыжалат болуп, ар бир жакшы нерсеге терс назар менен карайт. Буга байланыштуу эл оозунда айтылып калган накыл кеп бар: Ким заманга ачууланса, анда анын ачуусу узакка созулат. Мына ушундайча момун киши өзгөчө болуп, Алла Тааланын нуру менен карап жашап , өзүн да, Жаратуучусун да сүйөт жана айлана -чөйрө менен ынак мамиледе болот. Алла таала мындай деген:
«أَفَمَن شَرَحَ اللَّهُ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ فَهُوَ عَلَى نُورٍ مِّن رَّبِّهِِ»
«Аллах кимдин дилин Ислам үчүн ачкан болсо, анда ал Эгеси тараптан нур үстүндө болбойт бекен? » (Зумар : 22)
Бир акын мындай деген экен: Өзүң сулуу болгун , ошондо ааламдын сулуу экендигин көрөсүң. Ал эми өзүнө шектенген киши ар дайым ички дүйнөсүндө тардык болуп, кайгы муң менен өтөт. Алла Таала бул тууралуу мындай деген:
«وَ مَنْ يُرِدْ أَنْ يُضِلَّهُ يَجْعَلْ صَدْرَهُ ضَيِّقًا حَرَجًا »
Мааниси: «Ал эми кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн көккө көтөрүлүп бараткан адамдыкындай кылып кысылтып салат». (Анъаам:125)
Медицина аалымдарынын пикиринде, адамдардын акыл жана психологиялык жагынан бузулушунун негизги себептеринин бири , жалгызсыроо көйгөйү болуп саналат- экен.
📚БАКЫТ ЖОЛУ.
*Багыт* группасына катталыңыздар⤵
ok.ru: - http://ok.ru/group/52819552960724 fecebook.ru: - https://www.facebook.com/groups/257451791322125/ WhatsApp: мырзалар – + 7 960 755 85 72🚹
айымдар – + 7 962 204 99 45🚺
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1