Хадис: Бир күнү бейиштен бир киши эртен менен туруп бир жыпар жыт сезип калат, анан периштеден сурайт:
- Бул эмненин жыты?
Периште:
- Бул жыпар жыт сенин үстүндөгү даражадагы бирөө төшөгүн желпип атат, ошондон чыккан жыт деп жооп берет.
Дагы сурайт:
- Ал эмне кылганы үчүн ушундай даражага жеткен?
Периште:
- Ал киши жалган дүйнөдө сага караганда бир жолу "СУБХАНАЛЛАХ" көбүрөөк айтыкандыгы үчүн, - деп жооп берет
Ошондо тиги киши:
- Мен эмнеге 2 жолу көбүрөөк "СУБХАНАЛЛАХ" деп айткан жокмун деп кейип калыптыр.
Бул хадис менен эмнени айткыбыз келет:
1. Бир жолу "СУБХАНАЛЛАХ" деп айтылган сөздүн сообу, анын бейиштеги берилген даражасы, жана бул жалган дүйнөдөгү анын эң оной женил айтылышы.
2. "СУБХАНАЛЛАХ" дегендин мааниси - АЛЛАХ ЧЕКСИЗ (мээримдүү, боорукер, кечиримдүү).
.
3. Сообу - бир жолу айтылган "СУБХАНАЛЛАХ" деген сөздүн сообу 80 төөнү союп кедей кем багалдарга, жетимдерге тараткандын сообуна барабар экен.
Келгиле анда бир күндө 99 жолу "СУБХАНАЛЛАХ" деп келме айты, зикир чалып туралы.
АЛЛАХ ТЪААЛА баарыбыз кылган ибаадаттарыбызды кабыл кылып, сообун бул дуйнодо жана аркы дүйнөдө берсин. .
.
#таалим #🤲 #Рамазан #2020 #субаханаллах
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 233