5-болум
Апам мени кыя албай көпкө олтуруп, анан кетти. Үйдө эчак ачарчылык жүрүп жаткандай, эч нерсе жок экен. Мунар аябай кеч келди, үйдө эч нерсе жок биз ачка жаттык.
-- Мунар, кызыңа тамак-аш ала келбейт белең. Ачка болду го.
-- Менден эч нерсе талап кылба, мени күйөөң катары сыйлабайсын. Мусулманчылыкта аялы күйөөсүнө баш ийиш керек, айткан сөзүн эки кылмай жок. Өзүңдүн милдетинди аткарбай анан менден эмне үмүт этесин?
-- Мусулманчылык дейсиңби? Мунар сен деги эле качандан бери момун болуп калгансың? Аялыңды ач калган жырткычтай көздөрү жанып турган, бузуку эркек, аялдар бар жерге кантип жалгыз жиберген турасың? Мусулманча болсо, анда аялы менен күйөөсү алты айдан ашуун эки бөлөк журбошу керек. Бизчи? Эки жылдан ашса үйлөнгөндөн бери, ошол эки жылдын ичинде төрт ай араң чогу жашадык. Аялым деп бир жолу калың байпак алып бергениң жок, эркелеп, күйөөм деп кучактап жатканым жок. Мен сени жыргатып бак дегеним жок туурабы? Сабыр кылып баарына чыдап жүрөм. Өзүңөр эле кутула албай жаткансып Турцияга кууп жатасыңар. Кудай берем десе ушул жерден деле берет. Мен дагы мындай жашоону эңсеген эмесмин. Билимдүү болгум келчү, мына ушундай бирөөгө көз каранды болуп калбоо үчүн.
-- Өкүнүп жатасыңбы? Мен сени ушунчалык тажаттымбы? Ар бир сөзүн, кыймылын, аракетиң менин жүрөгүмдү муздатып жатат. Менин апам айтканды угуп койбостон, бой көтөрүп. Тарбияны туура эмес берсе керек кайненем, ананчы кайненемдин дагы эри кетиптир имиш деп уктум.
Бул атамдын кетип калганын мурун эле билсе керек. Калп эле билбемиш болуп жүргөн экен да, кызымды каратам деп.
-- Кетсе кетет да, эркектин кайсы бири жыргатып коюптур. Өзүңдү билчи, эмчектеги балан сүт чыкпай, ачка ыйлап жатат. Атам го биз бой жетип калганда кетти.
Жашоо кызыксыз, окшош ээ. Бир күнүң экинчи күнгө, ал күндөр андан калган күндөргө окшойт. Тажатма жашоо. Канчалык тырышам, Мунардын кыялы кайтпай, дүнүйөм караңгы. Мен дагы аны сүйүп, өлгөн жатканым жок. Болгону үй-бүлө сакталса дейм. Болгону Аруужан атасыз калбаса, үчөөбүздүн тагдырыбыз талкаланбаса дейм. Ортодон билинбей жарым жыл өтүп кетиптир, Мунар экөөбүз кошундай эле. Бирок кызым чоңойгон сайын тили чыгып, каткырып күлүп, адамды өзүнө тартат. Мунар жумуштан келгенде кабагын түйүп мени бир карап алат да, кызына келгенде такыр өзгөрүп кетет. Эркелетип,көтөрүп сейилдеп келишет. Эркек деген жанында аял жатса баарыбир кош көңүл карабайт экен, кээде болсо да төшөк бизди жакындатып койот. Канчалык каалабай турсам да, биз экинчи перзент күтүп жатканыбызды билип калдым. Мунарга кантип айтууну билбей, бир эсе айтпай баланы алдырып салсам деп ойлодум. Бирок менин колумдан өз баламды өз колум менен өлтүрүү келбейт. Мунарга айтпай жүрө бергеним менен, баарыбир ичим чоңоюп билинип баштады. Мунар толуп кеттиң деп калат, бирок боюмда бар экенин билген жок. Алтынчы айга өткөндө гана Кайненем биздин үйгө келип калып, дароо билип чыр салды. Биз баягыда Турцияга кетем деп кеткен боюнча көрүшө элек болчубуз.
-- Ийи, кыйратып койгонсуп жатасың эки бутуңду асманга асып. Сен ким элең? Эмне келет колуңдан?-деп. Эй уяты жок, иштейм, кыйратам деп акча алып кетпедин беле? Шаарга жетсем өзүм билем дептирсин да э. Уяты жок шерменде, башка бүткөн балээ болдуң.
-- Апа, мен башынан эле баргым келген эмес ал жака. Аруужанды таштабайм, сиздин сөзүңүздү эки кыла албай гана келдим шаарга. Апам дагы баланы карай албайм деп.
-- Уктум анын баарын, энең чалган мага. Таттуу сөздөрүн айткан. Байкуш баламдын шорун курутуп, келечегин талкалап салдың өлүп кеткир. Энең жакшы болсо атаң үйдөн чыгып кетеби? Энең жакшы болсо сен ушундай көк бет болосуңбу? Тарбиясыз.
-- Мага канча асылсаныз мейли, ата-энеме асылбаныз. Турмуш ар кимдики ар түрдүү болот апа, биз аларды соттоп, жектеп сөз кылууга акыбыз жок. Айтыңызчы, үй-бүлөнү сактап калдым жаманбы апа?
-- Мен сени уккум келбейт, сенин кылганыңды ойлоно берип оорукчан болдум. Мен баламды алып кеткени келдим, айылдагы мектепке мүдүр болсо эле жетиштүү. Бул жерде кайдагы шуркуяга убал болгуча.
-- Мен шуркуя эмесмин, шуркуя эмесмин. Мен дагы силерди көргүм келбейт, балаңызды сыртта күтүңүз.
-- Эмне алып кете албайт дейсиңби? Байкуш, дагы туусам кармап калам дедиңби? Иттен да тез көбөйөт экенсиң. Мага демек онду туу, сага баласын карматып койгон акмактын өзү жок. Эшикте күтсөм эшикте эле күтүп турам, көзүмө көрүнбө мага мастандай болуп.
Боюмда бар экенин Мунарга эптеп эртерээк айтып койсом болмок экен. Эми азыр айтууга мүмкүнчүлүк болобу жокпу билбейм. Эшикте күтүп турганын, үйдөн кууп чыкты деп айтат эми.
Мен ойлогондой эле, көчөгө туруп алып кошуна колоңдор го мени жамандап, кайдагы көчө таптаган шуркуяга теңеп салды. Мунар келип калып, апасынын күйүп бышып, ыйлактап элге даттанып жатканын угуп, үйгө чуркап кирип эле мени токмоктоп жатып калды. Ушуну көрмөкмүн, өзүм Мунарга кенедей жабышып жашап жүрбөй эртерээк кетсем болот беле? Бул киши менен түбөлүк жок экенин эчак билбедим беле.
-- Сен, менин апамды адам катарына кошпой калдыңбы? Көчөгө чыгарып салыптырсын, эмне күндө келип тажатып жатабы же?
-- Мунар, менин сөзүмдү баарыбир укпайсын, уксаң дагы ишенбейсиң. Сени алып кеткени келиптир, ушул жерден чечим кабыл ал. Менин боюмда бар, сени кандай кабыл алат деп айта албай жүргөм. Эки бала менен мени таштап кетесиңби? Эгер кетсең балдарды талашам деп ойлобо. Бири-бирибиздин жашообузду жеңилдетип, ажырашсак ажырашып кетеличи.
Мунар көпкө унчукпай турду да, кийимдерди жыйнап, апасын ээрчитип чыгып кетти. Кайненем сени жеңдим дегенсип, мурду асманды карайт. Курсактагы баланы, тили чыгып чуркап калган, эки айдай баланы тирүү жетим кылып жатканын ойлоду бекен ошол. Кеткени чын болсун, жугунду ичсем дагы тынч болсом болду дедим. Аруужанды аядыбы же аталык сезим ойгондубу ким билсин, бизге акчалай жардам берип турду. Бирок, ай күнүм жетип уул төрөп берсем дагы төрөт үйүнө басып келбеди. Ызаны ичиме жутуп, белди бекем бууп кала бердим. Тирүүлүктүн оокаты өтө берет экен, эптеп күн көрүп, бирде ачка бирде ток болуп эптеп жашап жаттык. Балам алты айлык болгондо, апамды үйгө олтургузуп бала каратып, өзүм иштеп кеттим. Албетте бизге кара жумуштан башка жумуш табылбайт, бирок ошого деле шүгүр. Күнүмдүк тамак ашка жетет, ачка калбадык. Мунардан кабар болгон жок ошол менен. Качан гана балам эки жашка толгондо Мунар балдарымды көрөм деп келиптир. Атасы эмеспи, уруксат бердим. Бизди таштап кеткенден кийин дароо үйлөнүптүр, бирок аялы эки жылдан бери төрөй албай жүрөт экен. Анын башын өзү чыгарды.
-- Элмира эки баланы жалгыз багып кыйналган жоксуңбу? Эгер оор болуп жатса жардам берейин.
-- Балдарды күлгө оонап төрөп алган эмесмин, сеники дагы. Жардам берем десең бер, чоңоюп келе жатат. Жакында мектепке дагы барып калышат, мен бир аз акча топтоп алайын. Кийим кече жагын караштырчы.
-- Жок Элмира туура эмес түшүнүп алдың, Элдарды мага бер. Ишенип кой, балама эң жакшы жашоо берем. Аруужан сенде калсын, чоңоюп калды, оорчулугу деле тийбейт ошол деле чоң жардам эмеспи.
-- Эх Мунар баягы эле бойдон экенсиң, сени өзгөрүп балдарын сагынды десем. Сен болсо баягы эле кара башыңды ойлоп жүргөн экенсиң. Аялың төрөй албай анан Элдарды эстеп келдиңби? Тогуз ай боорума көтөрүп, ушул жашка чейин уктабай чоңойтуп койсом эми көзүңө көрүнүп калдыбы? Ушул бала төрөлгөндө чанып, бир басып келбедиң, эми мынтип сурагандан уялбайсыңбы. Көрүп, жолугуп турам десең мейли, бирок балдарды бере албайм. Керек болсо мен ушулар үчүн өмүр сүрүп жүрөм.
-- Анда жарашалы Элмира. Апам ал күчтөн тайды, эми ал эч нерсе дебейт.
-- Аялың эмне болот? Ал дагы мага окшош шордуу экен байкуш, көчөдө калат тура.
-- Ал апамды жакшы карайт, апам дагы көнүп калды эч кетиргиси жок. Болбосо башка деле аял алсам төрөп бермек да.
-- Сага аялдын жашоосу оюнбу? Мен, ал, тигил дагы башкасы. Сени эмне ит тууганбы? Айтчы. Сени деле аял төрөдү го, эмнеге аялга ушунча өч болдуң? Бир эле эмес үч аялдын тагдыры менен ойношкун бар э арсыз. Жогол, баланын балакетин аласыңбы.
Уландысы бар
Кечигип чыкканына кечирим сурайм
https://ok.ru/profile/567857887998
https://ok.ru/profile/567857887998
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 143