Кылган ар-бир күнөөлөрүбүздү кечир!.
О, Алла! Аткарбай таштап койгон ар-бир парз амалдар үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Адамдарга кылган зулумдуктарыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Ар-бир саалих пенделерге көргөзгөн мээримсиздигибиз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Заалимдерге жолдош болуп жүргөн күндөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Аткарбай кечиктирип койгон жакшы амалдар үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Кеңеш айткан адамга кулак түрүп, кеңешин укпай койгондугубуз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Айткан ар-бир жалган сөздөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Акыйкатты калпка чыгарган күндөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Туура эмес, пайдасыз нерселерге ээрчип кеткен күндөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Кош көңүл болуп, текке кетирген убакыттар үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Уяттан ажырап, абийирибизди жоготкондугубуз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Адамдардын сырларын ачып, уят кылган күндөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Ишенчээк адамдардын ишенимине кирип, аларды алдагандыгыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Убада берип, аны аткара албай калгандыгыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Колубузда бар туруп, муктаждарга жардам колубузду сунбай койгондугубуз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Акыйкатты жашыргандыгыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Жаңылып айтып алган, ар-бир туура эмес сөздөр үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Обу жок, маанисиз сөздөрдү айткандыгыбыз жана уккандыгыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Арамга карагандыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Кылган ар-бир каталарыбыз жана күнөөлөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Окуп, кайра унутуп калган илимибиз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Шектүү экендигине карабай, аткарган иштерибиз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Төлөнбөй мойнубузда калып калган карыздарыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Күнөө иштерди таштайбыз деп Сага убада берип, кайра ал иштерге кайткандыгыбыз үчүн, жана Сага берген убадабызды аткара албагандыгыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Сенин ыраазылың үчүн деп аткарып жатып, кайра кожо көрсүн кылып жасаган иштерибиз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Бизге неймат кылып берген жакшылыктарыңды, күнөө жолдорго иштеткендигибиз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Күндүзү кылган, түн ичинде кылган, жашыруун кылган, ашкере кылган күнөөлөрүбүздү кечир!.
О, Алла! Туура эмес жолдон тапкан байлыктарыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Билип туруп, билген илимдерибизди элдерге айтпай жашыргандыгыбыз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Алган илимибизге амал кылбай өткөргөн күндөрүбүз үчүн, бизди кечир!.
О, Алла! Күнөөлөрүбүздү кечир, айып-кемчиликтерибизди жаап-жашыр. Амин.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев