Сахабалар арзып, күтүп самаган,
Жетүү үчүн тилек кылган ар адам.
Кечээ эле келдиң эле кубантып,
Кетесиңби бүгүн кайра Рамазан?!
Сенин нурун бүт үммөткө тараган,
Сен келгенде жалаң жакшы иш жасагам.
Сагынычым тарай элек дагы эле,
Сагындырып кетесиңби Рамазан?!
Күнөөлөрдү билип-билбей кетирген,
Кудай Таалам сен келгенде кечирген.
Шайтандар да байлоодогу бошойбу,
Сен кеткен соң, Кудай уруп эсирген?!
Сенден жакшы сабак ала албадым,
Ачка жүрүп балким өзүм алдадым.
Болсок эгер тизмесинде бейиштин,
Болбос эле эки дүйнө арманым.
Эмки жылы кайра келип сыначы,
Оңолбосом кулагымдан бурачы.
Быйыл эми таарынбастан суранам,
Кетсең болду, болуп бизге ыраазы.
Көп адамдын адептери оңолду,
Жаман кылык-жоруктары жоголду.
Сен эмки жыл кайра кайтып келесиң,
Алла билет мен ал кезде боломбу?!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев