Жылдыз төлгөсүн (гороскоп) окуу ширк болобу?!
Жооп: Ширк – Аллахка шерик кошуу. Бул Аллахка ыйман келтирүүгө жарашып-сыйбаган иш. «Лаа илааха илляллах» келмесин жок кылат. Ширк – бул жаратууда, бийликте, сүйүүдө, коркууда, үмүт кылууда болобу Аллахка бирөөнү теңөө. Же Аллахка гана арналчу ишти жаратылгандарга арноо. Ширк – эң чоң күнөө жана Акырет Күнү ширк кылгандар кечирилбейт, кылган ибадаттары өчөт, Тозокко кирет.
Аллах Таала куранда айтты:
«Акыйкатта, Аллах - өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, ал зор күнөөнү ойлоп тапканы» (Ниса 4:48).
Аллах Куранда айтты:
"Айткын: Аллахтан башка өзүңөр кудай деп ойлогон илахтарыңарга (сыйынуучу кудайчалаңарга) дуба кылгылачы кана".
Алар жерде жана асмандарда кыпынчалык нерсеге да эгедер эмес. Жер менен асмандарда алардын (Аллахка) шериктиги жок. Аллахтын алардан жардамчысы дагы жок. (Сабаъ: 22)
Башка аятта Аллах Таала айтат:
" (Мушриктер) эч нерсени жарата албай турган жана өздөрү жарала турган, аларга жардам берүүгө да кудурети жетпеген, жадагалса өздөрүнө өздөрү жардам бере албай турган нерселерди (Аллахка) шерик кылып алышат бекен?!"
(Аьраф: 191-192)
Муъаз ибн Жабал риваят кылат Пайгамбар ﷺ айтты дейт: “Ким гана болбосун чын жүрөктөн Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок, Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси деп күбөлүк бербесин – Аллах аны Тозокко арам кылат” (Бухари: 128; Муслим: 32)
Оттон кутулууга бул келимени чын жүрөк менен айтууну шарт кылды. Тили менен айтып, бирок жүрөгү жана амалдары ал нерсеге шайкеш келбесе – ал эч пайда бербейт.
Ал эми азыркы учурдун аалымы болгон, чоң уламалар кеңешинин төрагасы:
Шейх аль-Фаузан (حَفِظَهُ الله) айтты:
عبادة الأصنام وعبادة القبور كلها عبادة للشيطان
«Сөлөкөттөргө жана мүрзөлөргө сыйынуу (т.а. өлүктөргө) - мунун баары шайтанга сыйынуу (болот)».
🔊 «Шарх Фатхуль-маджид» 7-5-1437
ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨНҮ (ГОРОСКОП) ОКУБАГЫН!!!
Шейх аль-Фаузан айтты:
"Зодиак белгиси жазылган жылдыз төлгөлөрдү окуган адам, жана өзүнүн белгисин билип, (зодиак белгиси) тууралуу окуган, ал көзү ачыктан (бир нерсе) сураганга тете. Ошонун себебинен анын кырк күндүк намазы кабыл кылынбайт. Эгерде ал жылдыз төлгөсүндө жазылып турган нерсеге ишенсе, ал ошону менен Мухаммадка (Аллахтын ага дубай саламдары болсун) түшүрүлгөн нерсеге каапырлык (ыймансыздык) кылган болот"
—("Шарх китаб ат-таухид", 349 бет).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев