Аллах менен түздөн түз сүйлөшкөн Муса (а.с) ды кургакчылык басканда, жей турган азык түлүк эчтекеси жок эле. Дегеле өсүмдүктөр кургап, жаныбарлар ачкалыктын кырылып өлүп жатты. Же суу жок же жей турган наны жок, адамдар өлүп жатты. Муса (а.с) да ошол жерде эле. Адамдар кыйналып жаткандыктан Муса (а.с) дын алдына келишип. Эй Муса! Эмне болуп жатат. Муса (а.с) Аллахка колун көтөрүп дуба кылды, Оо, Аллах! Менин үммөтүм көрүп турасын, же суу жок же жей турган наныбыз жок биз сенден жамгыр сурайбыз деп дуба кылды. Муса (а.с) жамгыр сурады, жана көпкө чейин жамгырды күттү, бирок садыр болбоду. Муса (а.с ) Аллахка дагы кайрылып - Оо, Аллах. Эмне болуп жатат. Бизге эмнеге жамгыр бербей жатасын деп дуба кылды. Ошондо Муса (а.с) га Аллах Таала эмне деди билесиңби?
"Эй Муса сенин үммөтүн ичинде бир күнөөкөр адам бар. Ошончо адамдын ичинен бир күнөө кылып жаткан пендем бар деди. Эми сиз элестетчи биздин Кыргызстанда канча күнөөкөр адам бар. Ким айталат. Канчалаган мусулмандар намаз окушпайт, картайган кишилер бир фатиха сүрөөсүн окуй албайт. Канчалаган аялдарыбыз жолук салынбайт . Эй Муса сенин элин ичинде бир күнөөкөр адам бар, ошонун кесепетинен мен жамгырды жана берекени жаап койдум. Кээбир адамдар дагы мусулманга кол көтөрүп сен вахабисин акмаксын деп шылдыңдайт. Акылын иштет жолугунду чеч деп өзүнчө кыйынсыйт. Ошо сени деп кылган ишине тооба кылбагандыгыңдан Аллах Таала берекесин жаап адам өлтүрү ата энесин сыйлабаган ошодон болуп жатат . Бир адамды деп канчалаган мусулмандар кыйналып өлүп жатат. Жана Муса (а.с ) үммөтүнө кайрылды: Оо элим. Силердин араңардан бир күнөөкөр адам бар экен, Ошол адам чыксын жана өзүндү тааныштыр деп кыйкырды. Элестетин Аллах Таала менен түздөн түз сүйлөшкөн Муса пайгамбар айтып жатат. Ошондо күнөөкөр адам түшүнөт жана ой жүгүртөт. Мени деп бардык адамдар кыйналып жатат. Дагы бир ирет Муса (а.с) кыйкырды кимсиң чык өзүндү көрсөт. Эми сиз өзүнүздү ошол жерде элестетин. Ошондо күнөөкөр инсан түшүндү жана динге кайтты, кылган ишине тообо кылды. Бирок ким экенин айтпады. Жана өзүн көрсөтпөдү, Муса (а.с) кимдир чыгат деп ойлоду эле эчким чыкпады. Ошондо нөшөрлөгөн жамгыр жаап баштады. Туура жамгыр жаады Муса (а.с) курсан бирок анын ойунда бир ой бар эле. Аллах Таала ойлогон ойдуда билет. Ошондуктан Аллах Таала Муса (а.с) эмне деди билесизби? Эй Муса Мен ал күнөөкөрдү деп бардык береке эшикти жаап койдум эле. Бирок ал пендем Менден кечирим сурап тооба кылды мен анын тообасын кабыл кылдым. Эми аны деп жамгырды жаадырдым, береке эшиктерин ачып койдум. Муса (а.с) кызыгып сурады. Ким ал адам мага айтчы деди. Аллах Таала айтты: Эй Муса Мен аны күнөөкөр убагында элдерге көрсөтпөдүм, эми сен ойлонуп көрчү ал тооба кылып динге кайтканда Мен аны көрсөтөмбу деди.
Кана эми биз ойлойлучу биздин калкыбызда бир адам туруп мен күнөө кылып койдум, менин күнөөм кесепети менен элим онолобой азап чегип жатат деген инсанды кордүнүзбү. Бизде бир адам ордунан турбасада, күнөөкөр адамдар ачык айкын эле көрүнүп турат. Бирок биз колубүз менен ар бир кишини көрсөтөбүз, бирок өзүндү көрсөтпөйсүн. Бирок Мухаммад ﷺ дын үммөтүнө Аллах Таала Ушундай мээримдүү канча күнөө кылсанда жамгыр же берекени жапкан жок. Биз дайым шүгүр кылайлы. Мухаммад ﷺ дын үммөтүнөн башка пайгамбарлардын үммөтү бир күнөө кылса Аллах Таала аны тез эле ушул дүйнөдө жазалап койот эле. А биздичи Аллах жазалап элге шерменде кылып жатабы. 60 ка же 70 чыгып намазды дагы эле билбейсин. Негизи сенин кылган жакшы ишине Аллах Таала муктаж эмес. Анан кантип Аллахтын жүзүн көрөсүн. Сен шүгүр кылбайсынбы не сени деп ушунча эл азап тартуу керекби э. Урматтуу тууганым. Мына орозо айы да жакындап келе жатат. Ар бирибиз даяр даярданалы. Ар кимге орозо кармоо насип кылабербейт, Аллах сүйгөн пендесине гана насип кылат. Ошо сенда Аллахтын сүйүктүү күлү бол. Ошол айда шылтак менен кутулгандар канча дейсин. Мен андай болдум мындай болдум туткунга алым жок ачкалыка чыдабайм деп шайтандын досу болосун. Эми пенде эчтекени сезбейт Бирок Аллах сезет. Аллах Таала бир эле орозо кармагандага Райан Бейишин куруп койду. Ага только орозо кармаган пенделер кирет. Аллахым баарыбыздын күнөөлөрүбүздү кечирсин. Ааминь...
Башкаларгада жеткирүүнү унутпан. Эскертүү ыймандууларга пайда берет..
Исхак
-Одноклассник : http://ok.ru/profile/572783127487
-Whatsapp : (+7963 665 61 95)
Нет комментариев