Эскертүү.
Полиция адамды эмне себеп менен токтотушу мүмкүн?
• Коомдук тартипти бузганы үчүн;
• Тыйуу салынган аймакта жүргөндүгү үчүн;
• Ичимдике/баңгизатка мас болгон абалда тургандыгы үчүн;
• Издөөдө жүргөн адамдын сүрөттөмөсүнө дал келген учурда (полиция кызматкери фоторобот көргөзүшү керек).
• Документ текшерүү мыйзамсыз,-эгер полиция кызматкери себебин айтпаса,”жон гана паспорт/каттоосун текшерүүнү” суранса же “МИГРАН” “ЗАСЛОН” ж.б.у.с.операцияларын өткөрүүгө шилтеме жазаса, анда мыйзамсыз болуп эсептелет.
Мыйзам боюнча полиция кызматкери өзүн кандай алып жүрүшү шарт?
• Адегенде полиция кызматкери өзүн тааныштыруусу зарыл-кызматын, атын, фамилиясын атап, жарандын талабы боюнча кызматтык күбөлүгүн көргөзүшү керек;
• Полиция кызматкери кайрылганынын себебин жана максатын билдириши керек (документтерди текшерүүчү мыйзамдуу негиздер алдыдагы баракта көрсөтүлгөн);
• Полиция кызматкери паспорттон тышкары документ текшергенге укугу жок.
• Полиция кызматкеринин талаптары мыйзам чегинен чыгып жатса, фотого/видеого/аудиого жаздырып алып протоколго киргизүүсун талап кылыныз.
• Өзүңүздү кантип кармануу зарыл?
• Орой мамиле жасабоо;
• Жаман сөз айтпоо;
• Өзүңүздү коопсуз шек санабастан карманыңыз;
• Сылык болуңуз, бирок талабыңыздан кайтпаңыз;
• Качууга аракет кылбаңыз;
• Маселени ылдам чечүү үчүн акча сунуш кылбаңыз.
• Кароого алуу/текшерүү кандай өтөт?
• Кароону кармалган адамдыкындай жынысындагы полиция кызматкери жүргүзүүсү зарыл;
• Эгер полиция кызматкери, сизден алган буюмдан ала турган болсо, анда бул( процеске эки күбө чакырып видеого тартып жана) тууралу протокол түзүшү керек.
• Полиция кызматкери коопсуздукка коркунуч жаратуучу буюмду алганга укугу бар;
• Боштондука чыккандан кийин, сизден алган буюмдарды кайтарып бериши керек.
• Кармалган учурда эмне кылуу керек?
• Мүмкүн болушунча болуп жаткан процестерди, диктофонго же камерага жаздырып алуу керек;
• Полиция кызматкеринин төш белгисин сүрөтко тартып алуу керек;
• Эч качан! документтериңизди полиция кызматкеринин колуна бербеңиз;
• 51 берене Конституция РФ шилтеме келтирүү менен эч сүйлөбөй койууга толук акыңыз бар;
• Эч кандай документтерге кол койбоңуздар таза барак берсе да!
• Эгерде тил билбесеңиз котормочу сураганга толук акыңыз бар.
• Кармалганыңыз тууралуу консулдука/элчиликке кабарлоону талап кылсаңыз болот.
• Укук коргоочуларга жардам сурап кайрылыңыз-аларга ФАА,кармалган оорун жөнүндө маалыматтарды бериңиз;
• Кармалганыңыз тууралуу досоторуңузга, туугандарыңызга билдирүүңүз керек.
• Кармалган учурдагы кошумча маалыматтар.
• Администратциялык кармоо мөөнөтү 3(үч) саатан ашык болбошу керек;
• Эгер адам кармалган беренеде камакка алуу каралса, анда формалдуу түрдө кармоо убактысы 48(кырк сегиз) саатка узарылышы мүмкүн;
• Эгер адамдын ким экендигин анктоо үчүн болсо анда 48(кырк сегиз) саатка крмалат;
• Мамлекеттик коргоочуудан баш тартууңуз жакшы болот;
• Адамды административдик кармалгандар үчүн камерага жайгаштыруунун алдында анын оорулары жөнүндө сурамжылдоо керек;
• Административдик кармалгандар үчүн камерадагы адамдар ар башка жыныста болушу керек, жашы жете электер өзүнчө жайгаштырылат;
• Кыйноолор болгон учурда эмне кылуу керек?
• Болуп жаткандарды сүрөткө/видеого тартууга аракет кылыныз;
• Окуя болгондон кийин ооруканага кайрылуу, алган жаракаттарды каттатып алуу зарыл;
• Маанилүү мааламат!
• Эч ким озүнө каршы көрсөтмө берүүгө милдеттү эмес: Конституция РФ, ст. 51
• Миграция маселелери полициянын компитенциясына ктрбейт Вопросы миграции не входят в компетенцию полиции: буйрук № 403 ИИМ, пункту. 3. 15 жана 4.19
• Полиция кызматкери өзүнүн иш- аракеттерин/аракетсиздигин актоо үчүн кызматтын кызыкчылыктарына, экономикалык шарттарга, жогору турган кызмат адамдарынын буйруктарына жана тескемелерине шилтеме бербеши керек: Полиция жонундо мыйзам, берене. 6 . 4пункт
• Кармалган адам кармалган учурдан баштап адвакаттын жана котормочунун кызматтарын пайдалана алат:Полиция жөнүндө мыйзам берене 14. 5 пукт.
• Кармалып жаткан учурда чет өлкөлук жаран полиция кызматкеринен тийиштүү мекеменин консулуна/элчилигине кабарлоону суранууга укуктуу: Полиция жөнундо мыйзам берене 14 пункт 10
Акматсияева Гулизадан сиздерге информация катары
#юрист#юрист#юрист
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 12