- Балам, билесиңби, ар бир адамдын ички дүйнөсүндө согуш жүрүп турат. Бул согуш ак карышкыр менен кара карышкырдын кармашы. Кара карышкыр көралбастыкты, ичи тардыкты, өзүмчүлдүктү, сараңдыкты, калпты, өкүнүчтү айгинелейт. Ак карышкыр болсо боорукерликти, үмүттү, камкордукту, сүйүүнү, берилгендикти, ишеничти жана башка адамдагы жакшы сапаттарды даңазалайт.
Таң калган небереси "чоң ата, ошондо кайсыл карышкыр утат?" деп күтүүсүз суроо узатат. Небересинин кызыгуусуна ыраазы болгон карыя жылмайып, сөзүн улайт:
- Азаматсың! Мен сага бул нерсени жөн айткан жерим жок. Эсиңде болсун балам, сен жан дүйнөңдө кайсыл карышкырды көп азыктандырсаң, ошол жеңет. Кара карышкыр караңгылыкка жетелейт. Калпычы, кара мүртөз, таш боор кылат. Мындай кишилер кудайга да жакпайт. Ал эми ак карышкыр АДАМ кылат. Боорукер, ак көңүл, чынчыл адам гана жүрөгү ак, абийири таза бойдон калат. Жүрөгүңдү таза кармап, абийириңди сакта. Эч убакта калп айтпа - дейт.
Карыянын небересине айткан насааты жашоодо ар бир адамга сабак болсо деген максатта жазып койдум. Жан дүйнөбүздө жалаң ак карышкырларды азыктандыралы. Боорукер, ак көңүл, чынчыл адамдар көп болсун! Жүрөгүбүз сүйүүгө, мээримге толуп турсун! Кудай алдында, абийирибиздин алдында өзүбүздү таза кармайлы.🥰🥰🥰
Аманчылык болсун!💖
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5