Бир убакта телефонуң алдың жаным.
Унчукпай тура бердиң сезип турдум,
А мен болсо токтобой сүйлөп калдым.
Алоо алоо кандайсың күткөн жаным,
Сени издеп табамын деп көп кыйналдым.
Алган соң номериңди таанышыңдан,
Тынымсыз бир өзүңө мен чалганмын.
Десем да үн сөзү жок угуп турдуң.
Буулугуп ыйлаганың сезип турдум.
Демиңди терең жутуп үшкүрүнүп,
Дагы эмне, дедиң анан сөз баштадың.
Эх жаным сенсиз өткөн күндөрүм ай,
Уйкусуз көз жаш төккөн түндөрүм ай.
Эми мынтип өз жолума түшкөн кезде,
Чалыпсын мени издеп эми кандай.
Кечиктиң келет го деп күткөм сени,
Көп жылдар алыстатты сени мени.
Дедиң да чыдай албай ыйлап ийдиң.
Кыргыл үн, дүркүрөтүп бүт денемди.
Кош дедин токтоно албай ыйлап ыйлап,
Күттүрүп келбей койдуң мени кыйнап.
Азыр мен башка жандын жары болгом,
Токтотолу чалбагын деп мени кыйнап.
Дедиң да телефонун койуп салдың,
Денем ысып көзүмө жаш алып калдым.
Тагдырдын жазганына башым ийип,
Турмушта эми сенсиз жашап калдым.
25.12.2022.г Вроцлав. Польша.
Нишанов.А.А
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3