Автору: Altyn Iniyatovna
• Челкилдетпей куй
• Асмандатпай шыпыр
• Откуйтпай жууру, сулуу кылып ийле (камыр)
• Талпыйтпай сал (жууркан, төшөк)
• Сапырбай чыгар (күл)
• Калдыратпай жуу (идиш аяк)
• Көк кылтыр кылбай кызылыраак куй (чай)
• Жылымык кылбай ысыгыраак куй (чай)
• Аткып аткып койбой майда кылып тик
• Өөн кылбай кес
• Бөлтөк-сөлтөк кылбай майда кылып тыт (жүн)
• Тоголок кылып сулуу жаз (дептер, сабак)
• Алды артын бирдей шыры (шырдак)
• Дүпүлдөтпөй бас
• Акырын сүйлө
• Кымтынып отур
• Желденген таз, желинди бас, талпылдап айылчы болбо😁
Азыркы өспүрүм уул кызга ушинтип айта алабызбы? Менимче бири «Комментарий кыла бересизби» десе, экинчиси «.....так....., я не умею» деп туруп берет, үчүнчүсү «Раз не нравится, делайте сами» десе, төртүнчүсү «Надоели» деп ыргытып ийип баса берет😁.
Эмки уул-кыздарды кантип тарбиялап жатасыздар?
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев