*
Адамзатка эненин курсагында жан кирип, жүрөгү"дүк - дүк"деп согуп, өмүрү башталып, бул дүйнөгө ыңаалап келет. Аллах Таала пендесин бул дүйнөгө жаратып гана койбостон, ага акыл берип, акыйкат жолду таап, Аллахтын чексиз бакытына бөлөнүшү үчүн Өз элчилери, китептери аркылуу багыт көрсөткөн. Ак барактай таза наристе балагатка жеткенден кийин Улуу Жараткандын жоопкерчиликти мойнуна алган пендесине айланат. Аллах Таала Курани Каримде: *"Жиндерди жана инсандарды өзүмө кулчулук кылуусу үчүн гана жараттым"* деп билдиргендей, анын негизги милдети ибадат кылып, жакшы иштерди жасап, Жараткан Эгесинин ыраазычылыгын табуу.
Өтө узун сыяктуу сезилген өмүр "көз ачып - жумганча" өтөт да кетет. Бул дүйнө жашоосу кыска, бирок анын ортомчулугу менен түбөлүктүү бактылуулукка жетүүгө болот. *"Бул дүйнө - акыреттин эгин талаасы"* деген асыл сөз бар. Жазында кышка даярданган сыяктуу эле, бул дүйнөдө акыреттин камын көрүү зарыл.
Бизге катталыңыз ⤵️
*🕌АКЫЙКАТ ЖОЛУ МОСКВА*
Катталыңыздар⤵
Айымдар үчүн:
+7 977 902-84-13
+7 926 047-87-32
+7 901 464-61-51
+ 996 999-165-211
Одноклассник➡️ https://ok.ru/group/52447045550166 Фейсбук➡️ https://www.facebook.com/groups/103682343744032/ Инстаграм➡️ https://www.instagram.com/kmdb_kairymduuluk_fond/ Ютуб➡️ https://www.youtube.com/channel/UC05Th7bcX430m3VjkXVT_bw
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев