Илгери бир окуучу бала медресеге шашып бара жатса жолдон бир келин чыгып " үйүмө жылан кирип кетти айдап чыгууга жардам берчи " дейт.
Эч нерседен бейкапар туура ойдогу бала үйгө чуркап кирип барат. Аңгыча болбой көздөгөн ою ишке ашкан бузуку келин эшикти жаап " мени менен уят ишке барасын , болбосо кыйкырып элге уят кылам " дейт.
Айласы кеткен бала эмне кылаарын билбей " макул азыр күтүп тур " деп ички бөлмөгө кирип чоң заара кылып , өз заңын бүт денесине сүйкөп чыгат.
Аны көргөн бузуку келин табити бузулуп , үйүнөн кууп чыгат.
Байкуш окуучу чуркаган бойдон дарыяга барып жуунуп , кийимдерин жууп кургатып окуусунан кеч калат.
Корккон бойдон медресенин бөлмөсүнө кирсе сабак аяктап калган болот. Акырын келип эң арткы катарга олтуруп алат.
Азирети Устазы " баланча тур ордуңдан" деп тургузат.
Жүрөгү кекиртегине кептелген бала байкуштун оозуна келме келбей калчылдап калат.
Күлүмсүрөгөн жүзүнөн нур чачыраган Устазы " сен медресенин короосуна киргенде бүт айлана Бейиш жыттанып кетти , себебин айтып койо бер баарына сабак болсун " дейт.
Бала болгон окуяны айтып бергенде Устазы " Аллахым такыбалыгыңды мындан да бекем кылсын" деп бата берет.
Сайпиев Юсуф
Класс дегенди бассаңыз сизге жакканын кабарлоо менен эле чектелип каласыз. Поделиться дегенди бассаңыз жакындарыңыздын да амал кылып калуусуна себепкер болосуз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30