Байлыкты төгүп жолуңа, алкымды сынайт бул тагдыр!
Дөөлөт берип чирентип, акылың сынайт бул тагдыр!
Мээнет тартып мойнуңа, күчүңдү сынайт бул тагдыр!
Дос алдында басынтып, баркыңды сынайт бул тагдыр!
Тамшантып туруп таарынтып, таалайын сынайт бул тагдыр!
Чөгөлөтүп алсызды, көрүнгөнгө сынайт бул тагдыр!
Көңүлүңдү оорутуп, сөзүңдөн сынайт бул тагдыр!
Жалындап турсаң суу төгүп, сүйүүңдү сынайт бул тагдыр!
Күчтүү деп жүрсөм адамды, Күчтүүрөөк экен бул тагдыр!!
Адамдагы жакшы ниет, жакшы ой, жакшы иш-аракет, таза жүрөк - жылдын эң узун түндөрүн да мээримдүү, мимиреген руханий рахатка бөлөп, жаркыраган нурга айлантат.
Жакшы пейилден ажыратпасын бизди!
"Онто" деген оору болбосун,
"Келе" деген доочу болбосун,
Моюнубузда:
- Карыз эмес, намыс болсун!
Кадамыбыз:
- Кашаңдабай арыш болсун!
Казылар - калыс болсун!
Кайгы, капа алыс болсун!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 39