Предыдущая публикация
Түндө көрдүм бир жарыкты алыстан,
Уйку соонун арасында капыстан.
Жүрөк согуп, күмөн санап тилинди,
Жүзү тааныш, шоола нуру чачырап.
Апам тура, ооба, ооба дал өзү,
Аппак жоолук, бойуңуздун көркөмү.
Баягыдай чыптаманыз жарашып,
Желге учкан сары жибек көйнөгү.
Көзүм тойбой элесиңиз ыраактап,
Чуркап барып кучактоого чалынам.
Куса болгон көкүрөгүм эзилип,
Жетпей турам, апоо, жытың сагынам.
Кол булгалап, узап бара жаттыныз,
Жалгыз аяк жашыл чөптүү жол менен.
Кош билерик күнгө жалт-жулт этти да,
Мен ойгондум, кандай аян түш деген.
Абдыкадырова Айнуса
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев