Рамазандын таңы калды атканы
Момундардын ойгонгондой жатканы
Аракетин кылып калды окшойттор
Бул рамазан кызыгына батканы
Момун үчүн өтө чоң бир жаңылык
Кээ бирине келсе дагы карылык
Куран түшкөн улуу мына ушул ай
Тирүү болуу өзү чоң бир дарылык
Керемет ай шайтандары байланган
Жакын келбей алыс жерге айдалган
Күнү куттуу түнү кошо береке
Белек кылып мусулманга арналган
Рамазандын керемети ушулбу
Кээ бирлери кетиреткоо кушунду
Арак ичип тентип жүргөн адамың
Мечит көздөй шилтей баштай бутуну
Көп жакшылык иштер бүткөн бул айда
Мусулмандар көп жетишкен убайга
Каапырларды какшатышып тажаткан
Көп жеңишке жетти момун тараптан
Пайгамбарым тирүү кези ал убак
Момундарга күн тийе элек жакшылап
Бадр согушу жеңиш менен аяктап
Рамазандын так ортосу ал убак
Меккеде жок мусулманга күн дагы
Мушриктердин кутурганы бул дагы
Мекке дагы фатх болуп ачылган
Мына ушул куттуу айдын убагы
Капырларын чектен ашкан убакта
Мусулмандар күчкө келип кубатка
Каапырлардын берип жете сазайын
Кээ бирлери жанын берген казатта
Жар салышып момун бир коом рамазан
Жаш карысы кубанышып карасаң
Жан дүйнөңдө өзгөчө бир оорду бар
Жыл он эки ай болот муну самасан
Жанга жагат жанын сүйөт бул айды
Жаш баладай жан дүйнөсү тазарган
Жаңы кийим сатып алып базардан
Жанын жыргайт болсоң момун катардан
Аллах ыраазы болсун Абу Хурайрадан
Пайгамбарым айтканыны айткандан
Кай бир момун бир рамазан айыны
Орозосун тутуп баардык жайыны
Бул буйрук жараткандан келди деп
Оо жараткан сообуну берчи деп
Чын жүрөктөн өткөрсө эгер бул айды
Күнөөлөрү кечирилет сан миңдеп
Пайгамбарым айтат дагы бир хадисте
Бейиште бир раййан деген эшик бар
Ал жердеги керемет бир эшик ал
Орозону туткандарга арналып
Башка жандар кире албачу эшик ал
Жан дүйнөбүз бул ай келип тазарсын
Катып калган жүрөктөрү жашарсын
Оо тууганым аракетин ушул тапта кылгының
Берекеден сен да алып калаарсың
(АБДИМАЛИК.Э.У)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев