Жубайыма
Келечегим, боорукерим, бар сырым,
Чын жубайлык мээримиңе балкыдым.
Эттей болуп кайнап жатсам турмушта,
Күйүтүмдү бир заматта калпыдың.
Эркелесең бүткөн боюм семирет,
Кээ күндөрү тилиң тынбайт жебиреп)
Жүрөктү эле жылытпастан чырагым,
Төшөктү да жылытасың мемиреп.
Бактыбызды Жаратканым толтурсун,
Ийгиликтер ирээттешип кол сунсун.
Мен көл болсом бар экеним билгизээр.
Татынакай шарпылдаган толкунсуң.
Тирүүлүктө байырлачу тураксың,
Алга сүрөп жеткирүүчү муратсың.
Мен тоо болсом көркөмүмдү арттырып,
Тээ боорумда агып жаткан булаксың.
Ичимдеги бир башкача туюмсуң,
Кыялымды коштоп учкан куюнсуң.
Саамайыңда эргүү жатса сан миңдеп,
Сага деген ырлар кантип суюлсун.
Араласа көз тойбогон бакчасың,
Жасалмасыз табигыйсың, нактасың.
Жаштыгымды катып алып дүйнөңө,
Жаман сөздөн тозуп турчу аскасың.
Күн нуруна күлүп бышкан алмасың,
Колго түштүң, Кудай өзү жалгасын)
Өзүмө окшош Арстандарды төрөп бер,
Балдарыбыз мышык болуп калбасын…) !!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 226
Бактылуу болгула.