Предыдущая публикация
Арман дүйнө жүзүн ылдый каратып,
Ыйлап жатат жашын төгүп карачы.
Аттиң ай...шагы сынды кургурдун,
Сайрап турчу жайды тапты булбулум.
🌷🌷🌷
Жаралбас эми сендей бийик акындар,
Жаралса да ордуң толгус жазылар.
Жаралуу сезим ээрчитип сени кеткендей,
Жанашып эми акырет жайда табышаар.
🌷🌷🌷
Ак таңдай акын Токтогулдай ырчы элең,
Жаманын айтып Толубайдай сынчы элең.
Жамактап ырдап эчен турмуш азабын,
Жеткире бурап арман күүсүн чертчү элең.
🌷🌷🌷
Кош канаты кайрылды эми булбулдун,
Эми келип сайрабас, тили таттуу булбулум.
Колуңдагы жылдызды учурдуңбу кыргызым,
Асмандан жанып көрүнүп,орун алды жылдызым.
Алтын Турсунова
23.04.2020-жыл
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30
Уйкашын укмуш келиштир
А мен ырды жазгыча
Элмирбек элден кетиптир
Элдин жашып кол кылып
Мун зарлатып, отуптур
Ар качан келет жазат деп.
Кайда жүрдүң калемдеш,
Укпай калып муңдуу кеп.
Эли менен коштошуп,
Элмирбек кетти кол үзүп.
Булбулун жоктоп кыргыз эл
Артында калдык чок болуп.