Райондук мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин, жаштардын жана мектеп окуучуларынын катышуусунда 3-март мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнү белгиленди.
Башчы-акимдин биринчи орун басары Т.Кармышаков иш-чаранын катышуучуларын 3-март мамлекеттик туу күнү жана 5-март Ак калпак күнү менен куттуктап, мамлекетибиздин символдорунун бири болгон туубузга аяр мамиле кылуу ар бирибиздин ыйык милдетибиз жана улуттук баш кийимибиз - Ак калпагыбызды сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү ар бирибиздин парзыбыз экендигине токтолду.
Иш-чара мамлекеттик туубузду жана улуттук баш кийимибиз - Ак калпагыбызды даңазалоо максатында жөө жүрүш менен коштолду.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1