(Болгон окуя. Аягына чейин чыдап окуңуз)
Урмат белгилүү уста. Өзүнүн айылында колунан бардык иш келген, алтын колдуу жаш уста катары таанымал. Өзү жашаган үйүн пайдубалдан шыпка чейин толук өз колу менен курган. Элде жок заманбап туалет, душту да жасап, ыңгайлуу жашоого шартты түзгөн. Айылда кимге өзгөчө устанын кызматы керек болсо, Урматка кайрылышат. Өзгөчө дегеним, Урмат оңой иштерди албайт. Чыгармачылыкты талап кылган, эстетикалуу натыйжа боло турган буюртмаларды гана жасайт. Эмерек жасап жаткан, пол кагып жаткан, дубалды мрамор шыбак менен шыбап жаткан, темирден сейф жасап жаткан учурларын көрүүгө болот. Өзү уста, өзү дизайнер. 2020-жылкы пандемияда өзүнүн каражатына бүтүндөй бир чоң оорукананы кычкылтек менен камсыздоочу магистраль куруп, көптөгөн адамдардын өмүрү сакталып калышына да себепкер болгон.
Бирок, аңгеме Урматтын устачылыгы жөнүндө эмес. Урмат жогорку билимдүү, 4 тилде эркин сүйлөгөн киши. Кесиби боюнча инженер. Сүйлөшө келсең, акылына жана билимине суктанасың.
Быйыл жазда Урматтын чоң кызы Айбике 6-классты бүтүрүп жатты. Мектепте алган билиминен сырткасы, атасы үйдө англис тилин тереңдетип үйрөтүп, Айбике англисче түш жоруп калган. Аймактагы мектептердин билим берүү сапатына алымсынбай, Урмат Айбикени Оштогу кыргыз-түрк лицейине бермек болот. Бирок, конкурс күчтүү болгондуктан жана Айбике математикадан анча күчтүү эместигинен, аны кошумча даярдоо керек болчу. Репетитор болууга татыктуу математик табылбады. Урмат кызын өзү даярдоону чечти. 5-6-класстын математикасын Урмат өзү 2 жумада толук кайталап чыкты. Бирок, Урматта педагогика боюнча атайын билим жоктугунан, математиканы кантип үйрөтүү ыкмаларын интернет аркылуу изилдеп, түрдүү өлкөлөрдүн тажрыйбасын окуп чыкты. Окутууга даяр болдум деп санаган кезде, кызына: "Айбике, кийинки жумадан баштап бир ай бою сен экөөбүз математика боюнча даярданабыз, сени өзүм үйрөтөм" - деп жарыялады. Кызы аябай кубанды. Кубанычын токтото албай, классташтардын вотсап-группасына: "Ура! Атам мага математика үйрөтөт, мен лицейге өтөм!" - деп жазып салды.
Ошол күнү кечинде айылдагы 30 үй-бүлөдө бул жаңылык талкууланды. Айбикенин классынын жарымы лицейге өтүүгө каалоосун ата-энесине айтып, кээ бири ультиматум койду. Ал талкуу ата-энелердин вотсап группасына көчтү. Балдарынын капыстан жаралган каалоосун кээ бири кагып салып кутулса, бир тобу "Биздин балабыз/кызыбыз Урматтын кызынан кем бекен, биз деле лицейге окутабыз" дешти. Сураштырып, лицейге өтүү оңой эмес экенин, атайын экзамен тапшыраарын, математикага талап чоң экенин угушту. Айылдагы математиктердин абалы белгилүү болчу, алар даярдай алмак эмес.
Бир күнү эртең менен Урмат короодо дарбаза ширетип жатса, бир нече киши келди. Иштин чоо-жайы мындай экен: Урмат Айбикени өзү даярдайт экенин угушуптур. Урмат кандай инсан экенин жакшы билишкендиктен, ал баштаган ишинин өтөөсүнө сөзсүз чыгат деп билишкен. "Биздин балдарды да чогуу даярдап берчи"- деп суранып келишиптир. Жалпысы 9 бала экен. Урмат көп ойлонгон жок, макул болду. Бирөөнү деле, онду деле окута алам деп көзү жетти. Келген ата-энелердин үчөөсү мектептеги мугалимдер эле, анын бири математик ( 😆 ). Алардын жардамы менен мектептен доска, эски стол, стулдарды жүктөп келишип, навестин астына тизишти. Окутуу акысын да ар ким колунан келишинче бермек болушту. Мисалы, тоогу көп эне жумуртка берсе, саан ую бары сүт-айран берет. Портери бар ата Урматтын отунун, чөбүн ташып берем деп убада кылды.
Окуу каанасы бүтөр замат Урмат окутууну баштады. Теманы түшүндүрдү, доскага чийип мисалдарды иштеп берди, окуучуларга ар бирине өз алдынча кагазга жазылган мисалдарды берип, аткарууну буюрду. Биринчи аткарып бүтүргөн Эрмек: "Агай, мен бүттүм, текшересизби?" - деп сурады. "Жок, текшербейм, өзүң текшересиң" - деп таң калтырды Урмат. Балдар баары аткарып болгондон кийин, биринин да ишин текшербестен, Урмат доскага жаңы мисал жазып, аны кантип чыгарууну түшүндүрүү менен аткарды. Балдардын кээ бири "Ааа..." деген үн чыгарып, доскадагы мисалды өздөрү аткарган мисалдар менен салыштырып, туура же ката жасашканын түшүнүштү. Урмат экинчи баракты таратты баарына. Өзүн-өзү текшерүүнү үйрөнүп калган балдар, экинчи мисалды тезирээк иштешти. "Агай, бизге баа коёсузбу?" - деп сурагандар болду. "Жок, мен баа койбойм. Силер үчүн ар бир сабакта эки гана түрдүү натыйжа болот - теманы түшүндүң же теманы түшүнбөдүң. Түшүнгөн кете берет, түшүнбөгөн дагы 2 саатка калып, түшүнгүчө иштейт.
Бир чейректин темасын бир жумада өтүп болушту. Текшербеген, баа койбогон, урушпаган, кемсинтпеген система балдарга жага берди. Үйдөгү кийим менен келишет. Ким туалетке же суу ичкени чыккысы келсе, унчукпай чыгып кете берсе болот. Курсагы ачса, ала келген нанын жей берет. Балдар бир столго үйүлө калып, кеңешип иштешине да тоскоолдук жок, бири-бирине жардам беришет. Толук эркиндик. Кайсы окуучу кандай натыйжага жетишип жатканын Урмат өзү деле толук билбейт. Сабак бүткөндө, "Мен теманы түшүндүм, мисалдарды туура аткардым" деген окуучулар үйүнө кете берип, "Түшүнбөй калдым, ката иштедим" дегендер кошумча 2-4 саатка калат.
***
Балдардын баары эле бирдей болгон жок. Алгачкы сабакта эле Эсен аттуу баланын мисал аткарган дептерине бирдемелерди чиймелеп отурганын Урмат байкады. Сабак бүткөндө, теманы түшүндүм деп кете берди. Экинчи күнү да ал мисал иштебей, чиймелеп отурду. Сабактан кийин аны алып калып, Урмат дептерин барактады. Бир да цифра жок, жалаң гана маанисиз ийри сызыктар. Билим деңгээлин жакшылап текшерип көрдү эле, 6-классты бүткөн Эсен көбөйтүүнүн таблицасын да билбейт экен. Баланын кебетесин, кийимин, маанайын, көз карашын - баарын Урмат байкап, анализдеди. Жүдөгөн, көзүндө нур жок, маанайы суз бала болчу.
Ошол күнү кечинде ал Эсендин үйүнө барып, анын апасына жолукту. Эсендин атасы Орусияда 5 жылдан бери эмгек миграциясында экен, жылына бир эле жолу 2 жумага келет экен. Балдарды апасы Алима өзү тарбиялайт. Урмат Алима эжеге айтты: " Эжеке, мен сизге акыл үйрөтүп, баланы кантип тарбиялаганыңызды сындабайын. Бир эле суроо берейин. Эсенди качан кучактадыңыз, өптүңүз? Эстеңизчи".
Алима эже эстей албады. "Билбейм, балким былтыр, балким мурдагы жылы...".
"Алима эже, анда сизден мага жардамыңыз болсун, бир эле нерсени суранам: Күн сайын эртең менен балаңызды бекем кысып кучактап, маңдайынан өөп, "Сен менин сыймыгымсың!" деп мактап жүрүңүзчү. Эсен математиканы үйрөнүүсү үчүн ошол зарыл" - деди Урмат. Алима эже уялгансып калды, макул болуп баш ийкеди.
Эртеси Эсен башкача маанайда келди. Канат өсүп чыккан балапандай, талпынып учат тим эле. Көздөрү жайнайт. Сабакка кунт коюп отурду. Алгачкы цифраларды жаза баштады. Күндөн-күнгө бала ачыла берди. Урмат ал менен күн сайын кошумча 4 сааттан иштеди. Көбөйтүү, бөлүү, даража, тамыр, теңдеменин түрлөрүн - баарын үйрөнүп жатты. Сабак бүткөндөн кийин Москвадагы атасы менен Урматтын телефону аркылуу 5 мүнөттөн видеобайланыш кылып жатты. Аны да Урмат уюштурду.
1 айлык курс бүткөнгө чейин эле, Эсен мисалдарды баарынан тез аткарчу болуп калды.
***
Лицейлерге экзамен күнү келди. Урматтын тарбиялануучулары Оштогу, Кызыл-Кыядагы жана Кадамжайдагы кыргыз-түрк лицейлерине экзаменге келишти. (Кыздардын лицейлери жана эркек балдардын лицейлери бар). Баарынын бирден атасы же энеси жанында. Урмат өзүнүн кызы Айбике менен алек болду, "Сапат-Ош" лицейинде. Экзамен 10до башталып, 12де бүттү. Саат 13:00дөн баштап жыйынтыктар илине баштады. Аны менен бирге, "Урмат агайдын классы" аттуу вотсап-группага окуучулардын ата-энелеринен билдирүүлөр келип баштады:
"Айтолкун лицейге өттү!"
"Бека өттү! Ура! 🥳🥳🥳"
"Нуртилек Кадамжайда 2-орунду алды! Урмат иним, рахмат сага!🤲"
"Алишер Кызыл-Кыяга өттү! Агай, рахмат! Өмүр бою ыраазымын!"
"Эрмек лицеист болду, йээс🕺"
деген смстер биринин артынан бири келип жатты. Урмат көзүнүн жашын улам аарчып коюп отурду. Ар бир смс анын жүрөгүн секиртип жатты. Айбикенин лицейге өткөнү да аны көп толкундаткан жок. Башка балдар үчүн толкунданып жатты.
Эң акыркы смс Алима эжеден келди, группага эмес, Урматтын жеке кутусуна:
"Эсен лицейге өттү, Кызыл-Кыя лицейинде алдыңкы орундардын бирин алды. Сүйүнүчү койнуна батпай ары-бери чуркап жүрөт, ордуна тура албай. Бирок, окута албайбыз. Атасы бүгүн депорт болуптур, азыр гана смс келди. Эсенге кантип айтууну билбей турам 😭".
Урмат шалпая түштү. Бирок Эсендин канчалык шылкыйаарын элестетип, Алима эжеге жазды: "Эжеке, телефонду Эсенге бериңиз, ага өзүм чалып угузайын".
- Эсен, кандайсың! Куттуктайм, сен жеңипсиң! - деди Урмат.
- Рахмаааат, агай! Сиз мени адам кылдыңыз, сиз бар үчүн мен лицейге өттүм! Мен сизге өмүр бою карызмын, агай! - деп жайнап жатты Эсен.
- Эсен, сен 5 жылдык математиканы бир айда үйрөнгөнүңү мойнуңа аласыңбы?
- Албетте, агай!
- Керек болсо, мен сага 7-11-класстын математикасын да бир-эки айда үйрөтө алат экениме ишенесиңби?
- Ишенем, агай!
- Башка сабактардын баарын да үйрөтө алат экеними билесиңби?
- Билем, агай!
- Жакшы. Каалайсыңбы, мен сенин жеке устатың болом? Сен жөнөкөй эле мектепте окуй бер, каникулдарда мага шакирт бол. Мен сага лицейдин программасын да, англисче эркин сүйлөөнү да, устачылыкты да, 16га чыкканыңда машина айдаганды да үйрөтөм. Мектепти бүтөөр кезиңде сен баарынан билимдүү, күчтүү, жөндөмдүү жана кесиптүү болуп каласың. Ойлонуп көр. Же лицейди танда, же мага шакирт бол.
- Ойлонуп эмне, агай?! Эч кайсы лицей сиздин ордуңузду баса албайт. Мен сизди тандадым.
***
Аңгеме турмушта болгон окуянын негизинде жазылды. Каармандардын аттары жана жагдайлар өзгөртүлгөн.
#МИРБЕК МАМАТКАСЫМОВ.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев