Предыдущая публикация
Өзүңө жыпар бүркөм, гүл өңүнөн.
Издегин талаалардан курук чөлдөн.
Жүзүңө жамгыр болуп кел төгүлөм.
Издегин, изде изим көл четинен.
Жол чийип сени тосом суу бетинен.
Толкундап ташып чыгып жээгине.
Суу пери, перисиндей кел көрүнөм.
Издегин, издеп чык ээ зоо төрүнөн.
Аскадан кайкып учуп мен көрүнөм.
Суусасаң чарчоо тартып изденүүдөн.
Булактын суусу болуп, кел төгүлөм.
Издегин, изде мени муз мөңгүдөн.
Ак карлуу карлар жааган тоо түбүнөн.
Аруулук тазалыкты эңсеп келсең.
Ак карга түз айланып кел себилем.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 25
Жыпар жыты анкыган гулзарлардан
Тогулчу жамгыр болуп ношорлогон издеймин
издей берем бир озунду ношорлордон
Нөшөрлөп төккөн жамгырдан .
Нечендер ырлар жараткан .
Көбұнұн алгач сұйұұсұ .
Жамгырлардан башталган .
Дыбыраган талбаган .
Дабышың моокум канбаган .
Тамчылап аксаң шыйпырдан .
Санаага Мени батырган .
Жообун кутуп атса
Чоон рахмат деп кутулат турбайбы
Ак тандай аткан акын дос
Аргымак минип жоргодон
Адырды далай аштык"го
Айтылуу ушул однодон
Кутман кеч дос
Айтышып ырлар жазышып,
Аднодо жүрдүм чынында,
Ар түрдү ырдан сап тизип.
Такымы турат тыбырап
Талпынып учуп шамалдай
Туягынан чан чыгат
Ойнойлу анда кыз куумай,
Канакей досум кууп жет,
Тулпарым сызат шамалдай.
Жээктен сызат ак буура
Ак койнокчон акын кыз
Аргымак миним жулкунат
Ойнойбуз деп кыз куумай
Кол жээгине азгырат
Кана досум кууп жет.
Күүлөнүп аттым калганда,
Көйнөгүм желге желбирейт.
Жете албайсыз билемин,
Аргымагым шамал дейт.