*
⠀
*Көп адамдар "Мен чындыгында эле намаз *окугум келет, бирок кантип баштаарымды билбей жүрөм", "намаз окуюн *десем, бир түрдүү жүрөксүнөмүн, мага жардам бересизби?" *деп жатат.Туура, мындай сооптуу ишке чоң даярдык менен, өтө катуу *жоопкерчиликтүүлүк менен караган дурус болоор.Бул чындыгында *эле намаз окуу кыйын деген сөз эмес. Себеби, намаз окуу сиз ойлогондон дагы оңой жана жеңил.*
*Биз бүгүн намазды кантип, эмнеден баштаарын билбей жүргөн окурмандарыбызга мына мындай жөнөкөй кеңештерибизби сунуштайбыз!*
⠀
1⃣ *БИРИНЧИ:Намаз баштоого ниет кылып *жүрсөңүз, алгач даарат алуунун эрежесин үйрөнүп алыңыз. *Себеби дааратсыз намаз болбойт. Даарат намаздын - *ачкычы. Даарат алуунун үлгүсүн YouTube аркылуу анык көрүп, билип *аласаңыз болбосо кез келген намаз окуй турган адамга "көрсөтүп *берчи" деп өтүнүңүз, сизге түшүндүрүп берет. Бул - өтө оңой *кадимки бети колду жуу сыяктуу кулчулук, 3-4 ирет алгандан кийин өзүңүз эле үйрөнүп кетериңизге ишенбиз!*
⠀
2⃣ *ЭКИНЧИ: Намазды эмне үчүн окуюн деп жүрөсүз, алгач ошого жооп берип алыңыз. *Намаз - Алланын ыраазычылыгына жетүү үчүн, Аллах буюрган иш болгондуктан аткарылчу амал. *Акыретте биринчи сура турган амал, мусулман экениңизге далил көрсөтө турган докмент *экенин эсиңиз түйүп алыңыз.А эгер аны бирөө айткан үчүн же болбосо бирөөгө жагуу *үчүн жасайын деп жүрсөңүз, анда максатыңызга жетишиңиз мүмкүн, андайда, сооп табуу деген эң *негизги сыйлыктан кур калышыңыз анык. Ошондуктан, алгач ниетиңизди түздөп алыңыз.*
⠀
3⃣ *ҮЧҮНЧҮ: Жардамчы ирээтинде "Намаз окуп үйрөнүүчү" *китепти алып алганыңыз жакшы. Бул - мечиттин жанындагы дүкөндөрдө 70 -250 сом чейин *чамасында турган кичинекей китепче, баштыгыңызга салып жүрүүгө да ыңгайлуу. *Ушул убакыттан пайдаланып бир нерсени айта кетейин, "мен алдынан баарын *жаттап алайын" деп ойлобоңуз. Себеби баарибир намаз баштаган *кезде көңүлдүн толкуну менен жаттаган нерселериңизди да унутуп каласыз. *Андан көрө башында китептен дептерге же плакатка жазып алып болсо да *намазды баштай бериңиз. Акырындап аз-аздан жатталып калат.*
⠀
4⃣ *ТӨРТҮНЧҮ:Намаз окууда *дагы бир оңой кеңеш, *жамаатта береке бар дегендей мечитке барып же болбосо намазды *билген дос - туугандарыңыз менен жамаат болуп окууда бат үйрөнөсүз. Алгач *жыгылып туруп, олтуруп аларды туурап, ачык окуу да өтө жакшы натыйжасын берет.*
⠀
5⃣ *БЕШИНЧИ: эң маанилүүсү - башында *башкалардыкына окшото албай кыймылдарынан ката кетирүүңүз мүмкүн. Эч нерсе эмес үйрөнүп кеткенче *илең-салаң кыйынчылыктар болуп турат. Азыр баарыбызда телефон бар, көпчүлүгүбүз Youtube көрөбүз. *Жаңы намаз үйрөнүүнү каалагандар үчүн атайын видеороликтер бар ошолорду көрө берсеңиз ин ша Аллах үйрөнүп кетесиз...*
⠀
*Биз сиздерге жакшылык тилейбиз! Аллах ниетиңизди, тилегиңизди, жакшылыкка карап умтулган амалдарыңызды кабыл кылып, *жолуңузду ачсын! Жеңилдик берсин!*
*Амиин!*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев