көбөйүп баратат, ошолордон
арылтып жардам бериңизчи” деп
бир дыйкан уулун белгилүү
акылман карыяга алып келет. – Баламды жаман адаттардан
арылтууга канча ай же жыл
убакыт керектелет? – Дээринде бир нерсе бар болсо
жарым сааттык сабак жетет. Эгер
ошол убакыт да жетпесе, анда
кайра балаңды алып кете бер. Дыйкан макул болот да, мен
базардан кайтып келатып кайра
жолугайын. Жарым саатта кайтам
– деп дыйкан жөнөп кетет. – Жүр балам, бак жакка карап
басалы, – дейт карыя жаш
жигитке. Бир убакта карыя жаш көчөттүн
жанына токтойт да, “балам, тиги
жаш көчөттү тамыры менен кошо
жерден сууруп чыгар” – дейт.
Жигит бир колу менен эле
тамыры менен кошо жулуп чыгарат. Бир аз баскан соң, адам
бою келген, шактап калган
көчөттү көргөзө ымдайт. Күчкө
толуп турган жигит эки колу
менен күчкө салып чыгарат. Дагы
биз аз жүргөн соң, мөмө берүүгө жарап калган, бутактуу 4-5
жылдык көчөттү жул дейт. Жигит
аябай катуу арекет менен, нары
бери кыйшайтып атып араң
чыгарат. Бирок тамыры менен
толук чыгып чыкпай сындырып чыгарат. Жигит унчукпай калат.
Эми тигини тамыры менен чыгар
деп карыя жигитке бир даракты
көрсөтөт. Жигит жылмайып коет
да, уяттын күчүнөн барып
сөңгөгүн кучактап былк эттире албай коет. Карыяга карап, “муну
тамыры менен чыгаруу такыр
мүмкүн эмес” дейт. – Жаман адаттар да ушундай.
Аларды да жаш кезинде, тамыры
тереңдей электе жое аласың.
Канчалык убакыт өткөн сайын
аны жок кылуу ошончолук
кыйын боло берет – деди карыя. Акылман карыянын бул
айткандары ал жигиттин
жашоосун таптакыр жаңы нукка
бурат… САБАК: Жаман адаттардын тамыр
алып кетишине жол бербе.
Жасап аткан иш-арекетиңдин
натыйдасында адат пайда болот.
Адаттарыңды көзөмөлдөп жүр.
Антпесең, алар сени баш көтөртпөй толук көзөмөлгө алып
алат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев