Предыдущая публикация
Сыноонун майданына кирип алып,
Өмүрдүн өртүн кечтим билип алып,
Баарысын балдарым деп өмүрүмдө,
Чыдадым жүрөгүмдү тилип алып.
_
Калкалап булут күндөн жаркылдашын,
Чыдадым соккусуна тагдыр ташын,
Зарынан саратандын балдарымды
Аядым аптап күндөн салкындашын,
__
Мен ооруйм сенин жаның ооруганда,
Жаштыгым чачып жүрдүм жолуңарга,
Күн түнү тилегеним жараткандан,
Бакыт кушу консо экен деп колуңарга.
__
__________КАЙРАТ АШУРОВ__________
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 6