Предыдущая публикация
Ошко келип ойлонтуң секет,
Жолугар күн келгенби секет.
Дарегиң тактап жашырбай айткын,
Кызыл гүл сага сунайын жаным.
Аэропорт көздөй барайын Хади,
Алдыңан күлүп тосоюун Хади.
Атакең ким деп сураса жаным
Досум деп күлүп коёрсуң жаным.
Ак Буура жээктеп барайын жаным,
Ак сүйүүм сага арнайын жаным.
Жүрөгүм сүйгөн эркем деп сени,
Жүзүңдөн жыттап алайын селки.
Басканың сонун маралдай сенин,
Сөз таппай сага кысылат демим.
Арзуум сага жолуксам деймин,
Сагыныч бизден оолактап кетсин.
Азапка салсаң чыдайын жаным,
Ашыгым сен деп ырдайын жаным.
Арбалып сенин көркүңө Хади,
Канча жан ашык көзүңө Хади.
Н.Жума.
2019/12/24/.
Жалалабад.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 27
Барам деп Ошко чалбадың жаным
Аргасыз болуп асылым менин,
Арзуум ырым арнадым жаным.
Түбөлүк болсун сүйүүбүз жаным.
Тагдырым кошсо жолугам бир күн,
Күтүүгө менин сабырым бүтүн.