Бөлмөдө жалгыз карыя. Үстүндө көп жылдан
бери түшүрбөй кийип жүргөн эски чапаны.
Адаттагыдай өзү менен өзү сүйлөшүп отурат:
- Оо Кудай ай! Дагы жарык өчтү. Бул кандай
болгон караңгылык, туруп туруп эле адамдын
үшүн алгандай. Билбейм, бул караңгылыкта абалыбыз ушунчалык болсо, кабырдагы
караңгылыкта абалыбыз кандай болот.
Коюлган жеринде турган ширенкенин кутусун
карылыктын айынан көпкө издеп, араң тапты.
Аны кулагынын түбүнө алып келип шыгыратып
көрдү. «Ширенкени болсо таптым. Бул жерде бир шам бар болушу керек. Ии... Таптым, таптым»
Шамды күйгүзөрү менен карыган чоң атанын
эсине балалыгы түштү. Ууртунан жылмайды.
Бирөөгө айтып жаткансып эсиндеги окуясын
баяндай баштады.
«Бала кезимде жарык өчөрү менен дароо кичинекей бөлмөнүн терезесиндеги пардаларды
ачып, ай жарыгында сүйлөшүп отурар элек.
Атам, апам, иним жана мен болуп. Ээй, кандай
гана сонун күндөр өттү.
Атам кичинекейинде эшектен кантип
жыгылганын, апам болсо даракка чыгып алып кайра түшө албай бутакка асылып калганын
айтар эле. Биз болсо каткырып күлөр элек.
Жарыктын өчүшү биз үчүн чоң кубаныч эле ал
кезде. Анткени кубанычтарыбызды жана
кайгыларыбызды бөлүшчүбүз. Ал эми башка
күндөрү телевизорду тиктеп отуруп, маектеше алчу эмеспиз.
Аай, технология! Адамдарды бири-биринен
алыстатты. Же болбосо аны биз туура колдоно
албай жатабызбы? Бардык нерседен баш тартып,
кайдыгер мамиле кылдык. Телевизордогу
футбол оюндары жубайларыбыздан, балдарыбыздан да кымбат нерселерби? Жоок...
Карылар үйү өз үйүңдөн да сүйкүмдүү беле?
Адамдар балдарына, үй-бүлөсүнө, ата-энесине
маани бербей турган болушту. Мен дагы ошол
карылар үйүнө барбаш үчүн жападан жалгыз
отурбаймынбы. » Ээх! Ээх! Ээ Жараткан! Шам да сонун болуп
жанып жатат. Жанган сайын эрип барат. Эриген
сайын жарык чачып, ансайын түгөнүп барат.
Чоң ата кокусунан туруп эле минтип кыйкырды:
«Азирети Умар! Алла сенден ыраазы болсун!
Сен кандай гана өзгөчө, кандай гана улуу адамдардан элең. Өзүңдүн ишиң үчүн башка, ал
эми өлкө иши үчүн башка шам колдонуп,
бирөөнүн акысын жегенден коркор элең.
Пайгамбардын үммөтү да, досу да сен элең.
Азирети Абу Бакир! Азирети Хатижа! Азирети
Фатима! Азирети Зайд! Силерди сагындым го!» Бираз токтоп, ыйламсырап кайрадан кыйкырды:
кусамын, эй Расулалла! Бардык адамдар сени
«Сенин адилетиңе, шапаатыңа, нурдуу жүзүңө
сагынууда.
Балдарымдын үндөрүн, неберелеримдин чуру-
чуусун сагындым...» Көздөн жаш тоголонду. Көп жылдан бери
ыйлабагансып, көз жашты сагынгансып, өксүп-
өксүп ыйлап жатты. Көз жаш тагдырды өзгөртө
албаганын, бир гана кайгы муңга чөмүлгөн
жүрөктү жубатарын өзү жакшы билет эле.
Мурдун шыр тартып, жашын сүрттү. Өзүн карманып тобокел кылды да: «Кудайга шүгүр!
Жаным балалыктын тунук сезимин аз да болсо
кайрадан жашады. Бул кандай сүйкүмдүү сезим.
Жымжырттыкта отуруп баарын эстеген.
Мунун артынан күрс күрс жөтөлдү да, илбериңки
алаканы менен көз жашын арчыды. Дал ошол учурда жарык жарк этип жарык жанды
да, бөлмө дароо жарыкка бөлөндү. А бирок чоң
ата тынчтыгын бузган лампага душманындай
карап: «Чакырбадым го! Эмнеге келдиң? Шам
жарыгында мага кусалыгым, кубанычым менен
тең ортоктош болуп отурганымда. Бөлмө караңгылык менен бөлөнгөндө көңүлүм тынчып,
жүрөгүм нурданган эле.
Чоң ата карылыкта күтүлбөгөн тездик менен
өйдө болуп, жарыкты өчүрдү да: «Өч! өчкүн
жалганчы жарыктар! Силер күйгөндө менин
үмүттөрүм суу чачкандай өчүүдө» Андан кийин оор кадам таштап төшөгүнө келип
жатты. Балдары, неберелери жок жалгыз ээн
үйдө дагы бир түн жалгыздыкты өткөрүүсү керек
эле.
Бул жарыктык өчпөс эле,
Эгер үмүт болбосо. Болбос эле ал жалгыздык,
Медер туткан,
Үмүт кылган,
Жаратканы болбосо.
Кайрадан жалбарды, дагы бир жолу жалынды:
«Оо, Жараткан Алла Таалам! Башыман кечирген турмуштун оош-кыйыштарында сенчелик мага
жакын эч кимим жок экенин түшүндүм. Мени
кечир. Алла Таалам! Артымда калган балдарыма
өзүң жар боло көр. Аларга ырайымыңды төгө көр.
Аларды кечире көр. Өлүм аркамда күтүп турат.
Жанымды ыйманым менен ала көр!» Чоң ата алакан жайа «оомийин» деди.
Жуурканга кирерден мурун дайыма айтып жүрчү,
тилинде жана дилинде үмүт шамын жандырган
«Бисмиллахир- рохманир-рохим» деген сөзүн
айтты.
Бираз өткөндөн кийин катуу уйкуга бөлөнүп ошол бойдон бул жалгандан түбөлүк сапарга аттана
берди.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4