🎇 ЭЛГЕ ПАЙДА БЕР
Алланы зикир кылууң болобу, сабырдуулугуң болобу, кичи пейилдигиң болобу, айтор, кандай амалың болсо да, өзүңө жана айланаңа пайда берсин. Бир сөз менен айтканда, жаандай бол, сен барган жер жайкалып гүлдөп турсун. Сен келгенде адамдар сүйүнсүн, сени менен отурганда жан дүйнөсү азыктансын.
Мындай, баскан-турган жерине бакыттын көчөтүн тиккен адамдардын бири "Жаамиь ал-Усул" баштаган бир топ китептин автору, хадис аалымы Шейх Абдулкадыр ал-Арнаутту жакшы билем. Шейх кайсыл жерге барбасын, кимдер менен отурбасын, пайдалуу гана сөз сүйлөп, кошо отургандарга да пайда бергенин көрүп жүрөм. Угармандарды сылык мүнөзү, жаркын маанайы, анан да жылуу жумшак кеби менен бат эле айланасына топтоп алат. Айткандары элге ушунчалык жагымдуу болгондуктан, келгендердин көбү сөздөрүн жазып алып аткандарын көрөсүң. Ал отурган жерде кыйбат-ушакка убакыт табылбайт.
Мусулман так ушундай убакытка кайдыгер карабаган, айрыкча эл менен отурганда убакытты туура пайдаланган кыраакы болуусу кажет. Алланын аяттарын, шарият өкүмдөрүн, же дагы бир башка пайдалуу кеп-кеңештерди айтып, элдин убактысына да таасир этиши керек.
*📗 "Бакыттын сырын ачтым*" _китебинен алынды_.
_👳♀Мамбеталиев Адилет_
_🛡 Эскертүү маалыматты башка тарапка жүктөп жаткан учурда өзгөртүүгө болбойт_.Аманат
═════════════════
*_Бейишке карай жол_*
_Группага катталуу үчүн_
*_0704900898_* https://ok.ru/profile/579795869344
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев