*ИЙГИЛИКТИН ЭРТЕ-КЕЧИ ЖОК*
⏳Университетте окуп жүргөнүмдө Куран жаттадым. Бирок кийин сапарым көбөйүп, башка иштер менен алектенип, Куран жаттоону уланта албай калдым. Анын үстүнө элүүдөн өткөндөн кийин эске тутуу оңой болбойт го деп тынчсыздана баштадым.
⏳Бир күнү Муса ал-Жаруша деген аксакалды угуп калдым. Жиддада жашаган бу киши улгайгандарга Куран жаттатат экен. Андан жашы жетимиштен ашканда Куран-ды толук жаттап чыккандар болуптур. Көп өтпөй шейхке бардым да, аны менен бирге Куран жаттай баштадым. Күн сайын жаттап, кайра кайталап, жаттоого катуу кириштим. Бассам-турсам жаттаганымды кайталайм; уйкудан мурда, уйкудан турганда, кыскасы, оозум бошобой кайталай бердим.
⏳Ошентип Рамазан айында Мекеге кайттым. Ыйык айда кылган жумушум Куран жаттоо болду, Аллага дуба кылдым, анын берекеси менен жаттоо да, кайталоо да же-ңил болду, акыры Алланын каалоосу менен Куранды толук жаттап бүттүм. Ким чын ыкыласы менен жакшылыкты ниет кылса, Алла ага жеткирерин өз башымдан өткөрдүм.
⏳Кандай иш болсо да, ийгилигинен үмүтүңдү үзбө;
Өйдөгө умтул, үмүтсүздүктүн эшигин ачып алба, эч качан аткара албайм дебе;
⏳Жалгыз Алланын каалоосу менен баарын аткарасың, эгер Ага тобокел кылып киришсең, баарына жетишесиң.
⏳Оор ишти жеңилге айланткан, бийикке колу жеткен менден башка да, мисал, өрнөк боло турган көптөгөн адам-дар бар. Улгайганда англис тилин үйрөнгөндөр бар, француз тилин үйрөнгөндөр бар.
⏳Аллага тобокел кылып башта, бүтүрүү Анын колунда, аракетиңден тайба, ийгилик алыс эмес, Аллага ишен, Аллага таян, мен сага сүйүнчү иретинде айтам: жакында ийгиликти багынтасың, бакытты табасың.
📙 *"Бакыттын сырын ачтым"* китебинен алынды
_🛡Эскертүү маалыматты башка тарапка жүктөп жаткан учурда өзгөртүүгө болбойт_. Аманат
____________
*_Бейишке карай жол_*
Группага катталуу үчүн
🔷0500900898🚹
🔷0707274999🚺 https://ok.ru/profile/579795869344
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1