Кээде элес албастан балдарыбызга “өлүп кет, кара жерге кир, келесоо, көк мээ, башың иштебейт, эшек, ит” ж.б.у.с. жаман сөздөр менен урушуп тилдейбиз. Бирок ошол каргыш сөздөр балдарыбыздын жашоосуна кандай балээ алып келээрин эч баамдабайбыз. Эгерде адамдын айткан ошол сөзү дуба кабыл боло турган учурга туш келсе, анда ал айтылган каргыш сөз сөзсүз кабыл болот. Анан өмүр өткүчө айткан сөзүбүздүн запкысын өз балдарыбыздан көрүп өтөбүз. Бул жеке эле балдарга эмес, адамдын өзүнө жана мал-мүлкүнө да тийиштүү. Ошондуктан тилибизди каргыштан, тилдөөдөн тыюубуз керек. Болбосо бир каргыш сөз бүтүндөй өмүрдү жок кылып коюусу толук мүмкүн.
Пайгамбарыбыз ﷺ айтат: «Өзүңөргө, балдарыңарга жана мал-дүйнөңөргө каргыш айтпагыла! Эгерде (ал айтылган каргыш) Аллах дубаларды кабыл кыла турган убакытка туш келип калса, анда айтканыңар кабыл болот». (Сахих Муслим)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев